Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-апрели № 14/3
2014-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыттардын, айыл аймагынан тышкары келген жайыт пайдалануучулардын жана кыйыр пайдалануучулардын
жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Мыйзамынын 8-беренесинин жана «Жайыттар жѳнүндѳ» Мыйзамдын 4-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн «Жайытресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жѳнүндѳ» 2013-жыл 13-сентябрдагы № 515 токтомунун негизинде жайыт пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрайымы А.Алжанбаеванын маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айыл Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014 жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого алып чыккан малдаркм кккккдын акылары тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин.
1. Кой-эчки туягына -12 сом
2. Жылкы туягына – 60 сом
3. Уй туягына – 60 сом
4. Эшек туягына – 60 сом
2. 2014-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан тышкары келген жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого чыккан малдардын акылары тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин.
1. Кой-эчки туягына-24 сом
2. Жылкы туягына – 120 сом
3. Уй туягына – 120 сом
4. Эшек туягына – 120 сом
3. 2014-жылгаСемиз-Бел айылаймагынынжайыттарынкыйырпайдалануучуларынанжайытакылары (туризм багытында) ар бир боз үйгѳ 2500 сом,соода-сатык, вагондордон түшкѳн жайыт акы кв. метрине 350 сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы жана жайыт комитетинин тѳрайымы А.Алжанбаевага милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | М.Букамбаев |