Загрузка документа…
“БЕКИТИЛДИ ”
ХХVII чакырылыштагы
Бостери айыл аймактык Кеңешинин
II - сессиясынын № 1 ТОКТОМУ
менен Орозобаков М.У
“ 25” июнь 2013 – жыл .
Бостери айыл аймактык Кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ
I БӨЛҮМ . ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1- глава Айылдык Кеңеш
1.1. Жергиликтүү Кеңеш - КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамы , шайлоо жөнүндө жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.2. Айылдык Кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу .
1.3. Айылдык Кеңеш өзүнүн ишин КР Конституциясына, КР Мыйзамдарына, КР Президентинин жана Өкмөтүнүн ченемдик-укуктук актыларынын аткарылышына жана ушул Регламентке ылайык алып барат.
1.4. Айылдык Кеңештин Регламенти айылдык Кеңештин ишин уюштуруу тартибин жана алардын укуктук жана уюштуруучу негиздерин , туруктуу жана убактылуу комиссиялардын структураларын , сессияларды өткөрүү жөнүндө аныктайт.
1.5. Айылдык Кеңештин ишин негизи уюштуруу - укуктук формасы болуп Кеңештин сессиясы саналат.
1.6. Айылдык Кеңештин сессиясы кварталына кеминде бир жолу жана жалпы депутатардын 3 /1 талабы боюнча өткөрүлөт.
1.7. Айылдык Кеңештин аймагында таламдардын козгогон маселелер боюнча сессиянын ишине туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министирликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү чакырылат.
1.8. Айылдык Кенештин аймагында жайгашкан бардык мекеме - уюмдар, менчик формасына карабастан айылдык Кеңештин токтомдорун аткарууга милдеттүү.
1.9. Айылдык Кеңештин чечимдерин КР Конституциясына жана мыйзамдарына карама каршы келген учурда, аларды жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
1.10. Бостери айыл аймактык Кеңешинин сандык курамы 21 депутаттан турат.
2- глава Айылдык Кеңештин компетенциясы
2.1. Айылдык Кеңештер КР мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2.2. Айылдык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
- жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
- аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
- жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
- мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
- тиешелуу мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, Кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
- Кеңештин Регламентин кабыл алуу;
- өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
- Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
- муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
- алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым -жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
- ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
- жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү ;
- айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
- тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жүктөлгөн ставкаларын аныктоо;
- айыл чарбасына жарактуу жерлерди , чөп чабындыларды , мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн тартибин аныктоо;
- талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануу.
II БӨЛҮМ. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТҮЗҮМҮ жана КОМИССИЯЛАРЫ
3- глава Айылдык Кеңештин төрагасы
3.1. Айылдык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен көпчүлүк депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
3.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүнүн тартиби жана шайлоонун дагы башка жол-жоболук маселелери тиешелүү жергиликтүү кеңештин регламентинде аныкталат.
3.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин демилгеси боюнча айылдык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде учтөн экисинин көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
Бул маселени жыйналышта кароо учурунда Кеңештин төрагасына сүйлөө үчүн сөз берилет.
3.4. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
Мурдагы чакырылыштагы Кеңештин төрагасы өз милдеттерин жаңы чакырылган Кеңештин төрагасы шайланганга чейин аткарат
3.5. Айылдык Кеңештин төрагасы:
- Кеңештин сессияларын чакырат;
- сессияларга төрагалык кылат;
- Кеңештин чечимдерине кол коёт;
- жыйналыштарды жана кароого киргизилүүчү маселелерди кароого жетекчилик кылат ; - Кеңештин Регламентинин сакталышына көз салат;
- Кеңештин жыйналыштарынын протоколдоруна жана башка докуметтерине кол коёт;
- депутаттар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышында аларга көмөк көрсөтөт , аларды зарыл маалымат менен камсыз кылуунун уюштурат ;
- мамлекеттик , коомдук уюмдар менен мамилелерде Кеңештин атынан иш алып барат;
- Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын жана жумушчу топторунун ишин координациялайт ;
- Кеңештин тышкы байланыштарын уюштурат ;
- Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына шайлоо үчүн талапкерди сунуш кылат ;
- Кеңештин чечимдерин аткаруу максатында , анын ичинде кеңештин ишине каражаттарды чыгымдоо жагынан да буйруктарды чыгарат ;
- маалымдуулукту камсыз кылуу жана коомдук пикирди эске алуу боюнча да чараларды көрөт ;
- Кеңештин чечимдерин Бостери айыл аймагында турган бардык органдар, бирикмелер, ишканалар, мекемелер жана уюмдар аткарышын уюштурат жана көзөмөлдөйт;
- Кеңештин төрагасынын буйруктары Кеңеш тарабынан алып салынышы мүмкүн.
Кеңештин төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын үч айдан ашык убакыт бою жүзөгө ашыра албаган учурда Кеңеш Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо жөнүндө маселени кароого тийиш.
- Кеңештин төрагасы өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Мындай учурда чечим Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
Төрага өзүнүн ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канааттандырылат. Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын арыз берген күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин токтотууга укуктуу ;
- Кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан мөөнүтүнөн мурда бошотулган учурда Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо жөнүндө маселе чечилгенге чейин анын милдеттерин Кеңештин төрагасынын орун басары аткарат ;
- Кеңештердин төрагасы КР мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, КР мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт ;
- Кеңеш тарабынан жүктөлгөн жана КР мыйзамдары тарабынан жүктөлүшү мүмкүн болгон башка милдеттерди чечет .
4- глава Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары
4.1. Кеңештин төрагасынын орун басары сессияда депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттардын ичинен шайланат.
4.2. Кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
4.3. Кеңештин төрагасынын орун басарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1/3 бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы жыйналыштын күн тартибине киргизилет.
Сессияда бул маселени карап чыгуу учурунда Кеңештин төрагасынын орун басарына сүйлөө үчүн сөз берилет.
4.4. Кеңештин төрагасынын орун басары өзунун ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
4.5. Кеңештин төрагасынын орун басары өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канааттандырылат
5 – глава Кеңештин жооптуу катчысы
5.1. Кеңештин жооптуу катчысы Кеңештин ишин уюштуруу- протоколдук жактан камсыз кылган адам болуп саналат.
5.2. Айрым учурда Кеңештин катчысынын мыйзам менен белгиленген функцияларын айыл өкмөтүнүн аппаратынын жооптуу катчысы аткарат.
5.3. Кеңештин катчысы :
ü Кеңештин сессияларынын протоколун жана иш кагаздарын жүргүзөт;
ü Кеңешке келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат;
ü Кеңештин сессиясына материалдарды даярдайт, аларды депутаттарга өткөрүп берет;
ü сессияга катышуу үчүн депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарын,
коомдук уюмдардын, калктын , коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, адистерди сессияга чакырат;
ü депутаттардын Кеңештин сессияларына келишинин эсебин алат;
ü Кеңештин сессиясынын чечимдерин толтурат жана аларды таратууну уюштурат;
ü башка функцияларды аткарат
6 – глава
§ 1 . Кеңештин туруктуу комиссиялары
6.1.1. Кеңештин карамагына тиешелүү маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн Кеңеш депутаттарынын ичинен туруктуу комиссияларды түзөт. Комиссияны түзүү жөнүндө чечим Кеңештин сессиясында кабыл алынат.Зарыл учурда туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүүлөр киргизилет .
6.1.2. Туруктуу комиссиялар Кеңештин негизги түзүмдүк органдары болуп саналат, алар өздөрүн шайлаган Кеңештин алдында жооптуу жана ага отчет берет, Кеңештин жана Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, жарандардын тиешелүү Кеңешке келип түшкөн сунуштарын, арыздарын, даттанууларын карап чыгууга катышат.
Туруктуу комиссиялар комиссияга келип түшкөн документтерге жана кайрылууларга белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө милдеттүү
6.1.3. Ар бир туруктуу комиссиянын компетенциясы, функциялары жана милдеттери туруктуу комиссиялар жөнүндө жобо менен аныкталат, ал Кеңештин сессиясында бекитилет.
6.1.4. Комиссия депутаттын арызынын негизинде депутаттардын ичинен түзүлөт. Депутат Кеңештин бир гана (өзгөчө учурларда гана эки) туруктуу комиссиясынын мүучөсү боло алат.
6.1.5. Туруктуу комиссияда 3 депутаттан кем болбойт. Комиссиянын курамына депутаттарды шайлоо Кеңештин сессиясында жүзөгө ашырылат. Кеңештин чечими боюнча добуш берүү тизме менен же ар биринин атын атоо менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Депутаттарды комиссиянын курамына шайлоо жөнүндө чечим шайланган депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6.1.6 Депутат 3 айдын ичинде жүйөөлүү себеби болбостон , пландуу жыйналыштарды 3 жана андан ашык жолу өткөрүп жибергендиги үчүн комиссиянын сунушу боюнча Кеңештин чечими менен комиссиянын курамынан чыгарылышы мүмкүн. Жүйөөлүү себептер болуп: оору , иш сапар саналат.
6.1.7 Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда, ошондой эле жазуу жүзүндөгү жеке арызынын негизинде депутат комиссиянын курамынан чыкты деп эсептелет. Мындай учурларда Кеңештин чечими талап кылынбайт.
6.1.8 Туруктуу комиссиянын төрагасы комиссиянын жыйналышында комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат жана Кеңештин сессиясында шайланган депутаттардын санынын көпчүлүгү тарабынан ачык добуш берүү менен бекитилет.
Кеңешинин туруктуу комиссиялары:
Кеңештин төрагасы жана Кеңештин төрагасынын орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кирбейт .
6.1.9 Туруктуу комиссиянын төрагасы:
- комиссиянын ишин уюштурат;
- комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда ишти бөлүштүрөт, аларга тапшырмаларды берет;
- комиссиянын иш планын, жыйналыштардын күн тартибинин долбоорун түзөт;
- комиссия Кеңешке даярдаган чечимдердин, сын-пикирлердин жана сунуштардын долбоорлорун сунуш кылат;
- комиссиянын төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди комиссияга сунуш кылат ;
- комиссиянын жыйналыштарын чакырат жана алып барат;
- комиссиянын иши жөнүндө Кеңешке жана Кеңештин төрагасына маалымдайт;
- төраганын орун басары убактылуу жок болгон учурда комиссия мүчөлөрүнүн ичинен аны алмаштыруучуну дайындайт;
- комиссиянын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө, комиссияга келип түшкөн каттарга жооптор жөнүндө комиссия мүчөлөрүнө маалымдайт;
- башка уюмдар менен мамилелерде комиссиянын атынан иш алып барат.
6.1.10. Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары жыйналышта комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча комиссия мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.
Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары:
- туруктуу комиссия белгилеген милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык функция-
ларды аткарат;
- төраганын тапшыруусу боюнча анын айрым функцияларын аткарат;
- төрага жок болгон учурда аны алмаштырат.
6.1.11. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын адистеринин бири туруктуу комиссиянын катчысы болуп саналат.
Катчы туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп саналбайт.
Туруктуу комиссиянын катчысы:
- туруктуу комиссиянын жыйналышынын протоколун жүргүзөт;
- комиссияга келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат;
- комиссиянын чечимдерин, комиссияга келип түшкөн каттарга, документтерге жоопторду даярдайт;
- комиссиянын жыйналыштарына катышуу үчүн депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, адистерди чакырат.
6.1.12. Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын ишине катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү.
6.1.13. Сунуштары комиссиянын колдоосуна ээ болбогон туруктуу комиссиянын мүчөсу ушул маселени Кеңештин сессиясында талкуулоо учурунда өзгөчө пикир түрүндө аларды жазуу жүзүндө же оозеки формада киргизе алат.
Комиссиянын талкуусуна киргизилип жаткан маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсүнө зарыл материалдар берилет.
6.1.14. Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшыруусу боюнча жана өз демилгеси боюнча комиссиянын карамагына тиешелүү маселелерди иликтей алат, мамлекеттик жана коомдук органдар менен уюмдардын, ошондой эле жарандардын сунуштарын жалпылай алат, өз тыянактарын жана сунуштарын комиссияга билдире алат.
6.1.15. Мыйзамда каралган учурларда туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү комиссиялардын жыйналыштарынын мезгилине өндүрүштүк же кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотулат, мында туруктуу иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталат же ага комиссиядагы иш менен байланышкан чыгымдардын орду жергиликтуу бюджеттин каражаттарынын эсебинен толтурулат.
6.1.16.Туруктуу комиссиялар Кеңештин сессияларында төмөнкүчө жоюлат:
- туруктуу комиссиянын өзүнүн же Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча;
- эгерде комиссиянын жыйналыштары 3 ай бою (кворум жоктугунан улам) өткөрүлбөгөн учурда;
- комиссияда З төн аз мүчө калган учурда.
§ 2 . Кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
6.2.1. Жергиликтуу Кенештин туруктуу комиссиялары:
- Кеңештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат;
- тиешелүү аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү оз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча Кеңешке сунуштарды киргизет.
- өзунүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды Кенешке киргизет.
- айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана Уставдын талаптарынын аткарылышы , сакталышына контролду ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кеңештин Регламенти аркылуу сунушталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
- Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелуу аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
§ 3 . Кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары
6.3.1. Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат. Ар бир туруктуу комиссия жыйналыштарга зарылчылыкка жараша, бирок айына кеминде бир жолу чогулат.
6.3.2.Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар да катыша алат.
6.3.3.Бир нече туруктуу комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле Кеңештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
6.3.4. Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.
6.3.5.Туруктуу комиссиянын ар бир жыйналышы протокол менен таризделет, комиссиянын чечимдерине жана корутундуларына комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коёт.
6.3.6.Туруктуу комиссиянын жыйналышынын чечимдери жана протоколдору, комиссия мучөлөрүнүн тизмеси, кириш документтердин журналы комиссиянын катчысында сакталат
Эгерде комиссиянын жыйналышына комиссия мучөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан ашыгы катышса, ал чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
6.3.7.Комиссиянын чечимдери жыйналышка катышып олтурган комиссия мучөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.Комиссиянын мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу жөнүндө чечимдерге комиссия мучөлөрүнүн жарымынан ашыгы жактап добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелет.
Эгерде комиссия башкача чечим кабыл албаса, комиссиянын жыйналыштары ачык өтөт.
6.3.8.Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, адистер чакырылышы мүмкүн, алар жыйналыштарга кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
6.3.9.Туруктуу комиссия маселелерди даярдоо үчүн адистерди тарта алат. Иштөө үчүн тартылган адистер комиссиянын жыйналыштарына кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
7- глава Убактылуу (атайын) комиссиялар
7.1.Кеңеш атайын милдеттерди аткаруу үчүн убактылуу (атайын) комиссияларды түзө алат.
7.2.Убактылуу комиссиялардын милдеттери, ыйгарым укуктарынын көлөмү жана мөөнөтү аларды түзүү учурунда аныкталат.
7.3.Убактылуу комиссиялардын иши аларга жуктөлгөн милдеттердин аткарылышы менен токтотулат.
7.4.Убактылуу комиссиялардын ишинин жалпы тартиби туруктуу комиссиялардыкына окшош.
III БӨЛҮМ . АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШМЕРДИГИНИН ЖАЛПЫ ТАРТИБИ
8- глава Айылдык Кеңештин ишинин ачыктыгы
8.1. Айылдык Кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран айылдык Кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияларга катышууга укугу бар.
8.2. Айылдык Кеңеш, эгерде маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
8.3.Айылдык Кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө, алардын сессияга кириши үчүн бардык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
9 – глава Кеңештин ченемдик - укуктук актылары
9.1.Кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча чечимдери, мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Айылдык Кеңештин чечимдери токтом түрүндө чыгарылат да, Кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
9.2. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган айылдык Кеңештин чечимдери тиешелүү аймакта турган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
9.3.Айылдык Кеңештердин ченемдик-укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
9.4.Кеңештердин чечимдери Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте четке кагылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
10 – глава Айылдык Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу
10.1. Айылдык Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу, туруктуу комиссияларга жана депутаттарга жардам көрсөтүүгө зарыл материалдарды даярдоо үчүн өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде өзүнүн аппаратын түзүүгө укуктуу.
10.2. Айылдык Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн аппараттарына жүктөлөт.
10.3. Айылдык Кеңештин аппараттарынын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жүктөлөт.
11-глава Кеңештин сессиялары
11.1. Кеңештин сессиялары Кеңештин шайланган депутаттарынын санынын кеминде 2/3 бөлүгү болгон учурда чечим кабыл алууга укуктуу.
11.2. Кеңештин депутаттары Кеңештин сессияларына катышууга милдеттүү. Сессияларга катышууну эсепке алууну Кеңештин катчысы уюштурат.
Жыйналышка келуу мумкунчулугу болбогон учурда Кеңештин депутаты бул жөнүндө Кеңештин катчысына кун мурунтан билдирүүге тийиш.
11.3. Кеңештин сессиялары ачык болуп саналат.Кеңештин чечими боюнча жабык жыйналыштар өткөрүлүшү мүмкүн.
11.4. Сессияга мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, Кеңештердин депутаттары кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
11.5.Кеңештин сессияларын Кеңештин төрагасы, ал эми жокто Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат. 11.6. Кеңештин сессиясында добуш берүү кол көтөрүү менен жүргүзүлөт, Кеңеш зарыл деп эсептеген учурларда добуш берүү башкача ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Добуш берүүнүн натыйжалары :Кеңештин депутаттарынын фамилияларын, « макул », « каршы » добуш бергендерди, « калыс » калгандарды көрсөтүү менен протоколго киргизилет.Добуш берүү аяктагандан кийин жасалган эрк билдирүүгө эч кандай түзөтүүлөр кабыл алынбайт. Добуш берүү учурунда жок болгон депутат өзүнүн добушун кийин берүүгө укуксуз.
11.7. Кеңеш ар бир сессияда Кеңештин сессияга катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
Өзгөчө гана учурларда күн тартибине Кеңештин чечими боюнча Кеңештин сессиясында түздөн-түз коюлуучу маселелер киргизилиши мүмкүн.
11.8. Сессиянын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө чечим ар бир сунуш боюнча добуш берүү менен Кеңештин жыйналышка катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
11.9. Кеңеш сессиянын күн тартибин бекиткенден кийин талкуулоо күн тартибинде белгиленген тартип боюнча жүрөт. Күн тартибинин маселелерин талкуулоо тартибинде өзгөртүүлөр Кеңештин чечими боюнча жүргүзүлөт.
11.10. Тигил же бул себептерден улам бул сессияда каралбаган маселелер Кеңештин кийинки сессиясында каралууга тийиш.
11.11. Сессиянын жыйналыштарында докладдар учун убакыт, эреже катары, - 10 мүнөткө чейин, тең докладдар үчүн 5 мүнөткө чейин берилет. Жарыш сөзгө чыккандарга - 5 мүнөткө чейин, талапкерлер, алып баруу тарти- би, добуш берүү жүйөөлөрү боюнча сөз сүйлөө үчүн, арыздар, маселелер, сунуштар, билдирүүлөр үчүн - 3 мүнөткө чейин.
Депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен сессияда төрагалык кылуучу доклад же сөз сүйлөө үчүн убакытты узарта алат.
11.12. Депутат сессиянын бир жыйналышында бир маселе боюнча эки жолудан ашык эмес, ал эми жыйналышка катышып олтурган депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен андан ашык сөз сүйлөй алат.
11.13.Эгерде сөз сүйлөп жаткан адам талкууланып жаткан темадан алыстаса, төрага аны талкууланып жаткан маселеден алыстабоого чакыра алат.
Эгерде сүйлөп жаткан адам сөз сүйлөө үчүн ага берилген убакыттан ашып кетсе же талкууланбаган маселе боюнча сөз сүйлөсө, төрага экинчи жолу эскерткенден кийин аны сөз сүйлөөдөн ажыратат.
11.14.Депутат болуп саналбаган адам тартипти одоно бузган учурда төраганын буйругу боюнча Кеңештин сессияларынын жыйналыш залынан чыгарылышы мүмкүн.
11.15.Сессиянын жыйналышынын протоколу Кеңештин катышып олтурган депутаттарынын жана сессияга чакырылып, катышпагандыгынын себептерин көрсөтүү менен жок депутаттарынын фамилияларын, угуулардын предметинин маңызы боюнча маалыматтарды жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди камтууга тийиш.
Протоколду жүргүзүп жаткан Кеңештин катчысы Кеңештин сессиясынын жыйналыштары жөнүндө кыскача жана маңызы боюнча жазуу жазат.Эгерде сессиянын жыйналышынан кийин эки күндүн ичинде Кеңештин депутаттары жазуунун мазмунуна каршы пикирин билдирбесе, протоколго төрага кол коёт.
11.16. Кеңештин сессиялары, каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө айыл өкмөтүнүн аппараты жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүүлөрдү берет.
12 – глава Кеңештин чечимдери
12.1. Сессияда каралган маселелер боюнча Кеңеш чечим кабыл алат.
Кеңештин чечимдери сессияда ачык, анын ичинде атын атоо же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
12.2. Кеңештин чечимдери сессияда талкуулангандан кийин Кеңештин сессияга катышып жаткан депутаттарынын санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
12.3. Кеңештин төрагасын, Кеңештин төрагасынын орун басарын, туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо, Кеңештин органдарын түзүү жөнүндө, Кеңештин гана компетенциясына кирген маселелер боюнча Кеңештин мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу же өзгөртүү жөнүндө чечимдер Кеңештин шайланган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
12.4. Мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамына ,же мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисине ишеним көрсөтүү жана көрсөтпөө жөнүндөгү Кеңештин чечими Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен кабыл алынат.
12.5. Кеңештин карамагына кирген маселелер боюнча анын чечимдери токтом түрүндө чыгарылат жана ага Кеңештин төрагасы кол коёт.
12.6. Кеңештин чечимине макул болбогон депутат өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө же оозеки баяндоого укуктуу, ал Кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.
Эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы чечимдин сунуш кылынган долбоорун жактап добуш берсе, ал негиз катары алынат.Эгерде чечимдин сунуш кылынган долбоору негиз катары кабыл алынбаса, ал беренелер боюнча каралышы мүмкүн.
12.7. Чечимдин долбооруна түзөтүү киргизүүнү каалган депутаттар төрагага жазуу жүзүндө берет. Түзөтүү талкууга коюлат жана, эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы аны жактап добуш берсе, кабыл алынат.
12.8. Бардык түзөтүүлөр каралып чыккандан кийин чечимдин долбоору бүтүндөй кабыл алынат.
12.9. Кеңештин чечимдерин чыгаруу учүн жоопкерчилик Кеңештин катчысына жүктөлөт.
12.10. Кеңештин чечимдерин кол коюлгандан кийин 2 күндүк мөөнөттө айыл өкмөтүнүн аппараты таратат.
12.11.Кеңештин ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган анын чечимдерин тиешелүү аймакта жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызмат адамдары жана жарандар аткарууга милдеттүү.
12.12. Кеңештин чечимдери сот тартибинде же Кеңештин башка чечими менен гана алынып салынышы мүмкүн.
13- глава Регламентти бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
13.1. Кеңештин Регламенти Регламент маселелери боюнча жумушчу топтун Типтүү регламентинин негизинде иштелип чыгат жана Кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизилет .
13.2. Регламент маселери боюнча топ Кенеш шайлай турган 5 депутаттан турат . Ага Кеңештин төрагасынын орун басары башчылык кылат .
13.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндо сунуштарды бере алат . Сунуштарды карап чыгуу үчүн жумушчу топко жөнөтүлөт .
13.4. Регламент маселелери боюнча топ түзөтүүлөрдү какбыл алат , же четке кагат . Кабыл алынган түзөтүүлөрдү бекитүү үчүн Кеңешке киргизилет . Четке кагылган түзөтүүнүн автору аны Кеңеш карап чыгышын талап кылууга укуктуу .
13.5. Регламент жана Регламентке түзөтүүлөр Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү тарабынан кабыл алынат .
IV БӨЛҮМ . УКУКТУК СТАТУС
14- глава Депутаттык мандат
14.1. Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиянын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
14.2. Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн: туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жузөгө ашырууга мумкүнчулүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде;
- депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда;
- Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
- депутаттык мандатты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда)
- депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда
- депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- депутат жыл ичинде Кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз экиден ашуун катышпаганда (жүйөлүү себеп: оору , иш сапар ) ;
- депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- Кеңеш таркатылганда.
15 – глава Кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери
15.1. Айылдык кеңештин жергиликтүү мамлекеттик администрация менен өз ара мамилелери , иш-милдеттеринин чегин ажыратуу, Кеңешке жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өздөрүнө таандык жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарды берүү принцибинин негизинде түзүлөт.
15.2. Мамлекеттик бийлик органдары айылдык Кеңештердин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.
15.3. Айылдык Кеңеш жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.
15.4. Аймактардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча айылдык Кеңеш сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрүн чакыра алат.
15.5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелери боюнча өз чечимдерин айылдык Кеңештер менен консультациялашат жана жазуу жүзүндө макулдашат.
16 – глава Кеңештин ыйгарым укуктарынын токтотулушу
16.1. Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
16.2. Айылдык Кеңеш мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн:
- тиешелүү Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча; - Мыйзамда жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" КР Мыйзамында каралган учурларда, Премьер-министрдин же Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент тарабынан;
- тиешелүү шаардын же айылдын чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында ;
- Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө айылдык Кеңештин чечими Кеңештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн КР Президентине жиберилет.
- Чек араларын өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана Кеңешти таратууга алып келбейт да. КР Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу жергиликтүү кеңешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде Мыйзамдын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
- Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелет.
- Айылдык Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти - аткаруу органынын тиешелүү башчылары өз мойнуна алат.
V БӨЛҮМ . АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН БАШЧЫСЫН ШАЙЛООНУН , КЫЗМАТ ОРДУНА КИРИШҮҮСҮНҮН жана КЫЗМАТ ОРДУНАН БОШОТУУНУН ТАРТИБИ
17- глава Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар
17.1. Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.
17.2. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, анысы мыйзамда белгиленген тартипте тындырыла же алып салына элек Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
18 – глава Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун, кызмат ордуна киришүүсүнүн жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби
18.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл Кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчу, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл Кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө депутаттар тарабынан шайланат.
18.2. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо БШК тарабынан айьл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын ал шайланган мөөнөтү аяктаганга чейин 25 календардык күн калгандан кечиктирбестен дайындалат.
Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда БШК бош орун пайда болгон күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындайт.
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 25 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт.
18.3. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет. Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
18.4 Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса, БШК 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
18.5. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун өткөрөт жана шайлоонун натыйжаларын жарыялайт , тиешелүү протокол түзөт.Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.
18.6. Эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калса, БШК нын сунушу боюнча Президент айылдык Кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана тиешелүү Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
18.7. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- жеке арызынын негизинде;
-мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик- укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн ;
- айыл Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен , мыйзамдар, Президенттин жана өкмөттүн ,прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда айыл Кеңешинин депутаттарына кабардар кылуу менен;
- соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде;
- ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурунда;
- соттун өлдү, дайынсыз жок болду, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, КР жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
- жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;
- айыл Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;
- айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда аким жаңы айыл өкмөтү шайланганга чейин өзүнүн акты менен айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучуну дайындай алат .
18.8. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл Кеңеши тарабынан ишенбестик билдирилген учурда аким кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же айыл Кеңешинин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
18.9. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл Кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны 3 айдын ичинде ээлеген кызматынан бошотот.