Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-июлу № 4
Нарын шаарындагы Ж.Акималиев паркынын астынкы бөлүгүн тосууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Нарын шаарындагы Ж.Акималиев паркын тосууга карата акча каражатын жергиликтүү бюджеттен чечип берүү маселесин Нарын шаардык Кеңешинин “Замандаш” фракциясынын депутаты У.Сопакунов сессиянын күн тартибине кошумча киргизип, шаардык жашылдандыруу мекемесинин жетекчиси М.Токонов аткарылуучу иштер боюнча кыскача маалымат берүүсун сунуштаган.
Нарын шаарындагы Ж.Акималиев паркынын үстүнкү болүгүн тосууга жалпысынан 1387,0 миң сом жумшалган. Жалпы узундугу 990 метрди тузөт. Мунунун 538 метри темир тосмо, калган бөлүгү сетка менен тосулган. Ал эми Ж.Акималиев паркынын астынкы бөлүгүнүн жалпы узундугу 1110 метрди түзөт. Мунун 358 метри темир тосмо, калган бөлүгү же 752 метри сетка менен тосулат. Парктын жалпы сметалык баасы 1284, миң сомго түзүлгөн. Тендер өткөрүүгө өтүнүч берген 6 ишкананын ичинен 3 ишкана тендерге катышып ЧП “Нурдинов” ишканасы 1084 ,0 миң сомдун жумушун аткарууга тендерден утуп алган.
Нарын шаарындагы Ж.Акималиев паркын тосууга карата акча каражатын жергиликтүү бюджеттен чечип берүү маселеси боюнча Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин жетекчиси М.Токоновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин жетекчиси М.Токоновдун Ж.Акималиев паркынын тегерегин тосуу боюнча берген маалыматы эске алынсын.
2. Нарын шаардык мэриясына шаардын турмуш тиричилигин камсыз кылган мекемелери тендер өкөрүүдө, тендердин талаптарын так аткартуу жана тендер өткөрүүдө шаардык Кеңештин депутаттарынан катыштыруу милдеттендирилсин.
3. Ж.Акималиев паркынын астынкы бөлүгүнүн тегерегин тосуу боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгынын негизинде жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жагы жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Э.Турсуналиев |