Загрузка документа…
Шаардык кеңештин
06.06.2014-жылдагы XIII сессиясынын
№46/13-6 токтому менен бекитилди
Кара-Көл шаарынын өз алдынча башкаруу органынын резервдик фонду жөнүндө
Жобо
1.Жалпы жоболор
1.1. Кара-Көл шаарынын өз алдынча башкаруу органынын резервдик фонду
(мындан ары –резервдик фонд) боюнча чыгымдар Кара-Көл шаарынын жергиликтүү
бюджетинде жыл сайын каралат.
1.2. Кара-Көл шаарынын өз алдынча башкаруу органынын резервдик фонду “ Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык жергиликтүү бюджетте чыгымдардын көлөмүнө карата 1 пайызга чейинки чекте ( резервдик фонддорду эсепке албастан) аныкталат.
1.3. Кара-Көл шаарынын өз алдынча башкаруу органынын резервдик фонду Кара-Көл шаардык кеңешинин сессиясынын токтому менен шаардык мэриянын резервдик фонду жана шаардык кеңештин резервдик фонду болуп бөлүнүп, шаардык мэриянын резервдик фондунун жана шаардык кеңештин резервдик фондунун пайыздык катышы аныкталат.
1.4. Бул Жобо Кара-Көл шаарынын өз алдынча башкаруу органынын резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартибин аныктайт.
1.5. Резервдик фонддон бөлүнгөн бюджеттик каражаттар шаардын мэринин жана шаардык кеңештин буйруктарына ылайык ушул Жободо каралган максаттарга пайдаланууга тийиш.
2. Резервдик фонддордун акча каражаттарын пайдалануунун тартиби
2.1. Кара-Көл шаарынын өз алдынча башкаруу органынын жетекчилери Кара-Көл шаарынын өз алдынча башкаруусунун резервдик фондунун тескөөчүсү болуп саналат.
2.2. Кара-Көл шаар аймагындагы мекемелер резервдик фонддордун каражаттарынын алуучулары болушу мүмкүн.
2.3. Резервдик фонддор шаарда жүргүзүлүүчү Кара-Көл шаарынын бюджетин түзүүдө жана бекитүүдө эске алынбаган экономикалык, социалдык –маданий жана башка иш-чаралар боюнча болжолдонбогон чыгашаларды жабуу үчүн түзүлөт жана пайдаланылат:
- майрам күндөргө карата уюштуруу иштерине, расмий иш-чараларды өткөрүүгө – 15,0 миң сомго чейин ;
-шаардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгек ардагерлерине, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, ВИЧ/СПИДке чалдыккан адамдарга жана калктын жакыр катмарына 2-жылда бир жолу материалдык жардам көрсөтүүгө- 1,0 миң сомдон 10,0 миң сомго чейин, ал эми өзгөчө учур пайда болгондо бюджет бекитилгенден кийин 20,0 миң сомго чейин;
-шаардын аймагында жайгашкан социалдык –маданий жана административдик объектилерди курууга, оңдоого жана материалдык –техникалык базасын жана инфраструктурасын жакшыртууга жарым-жартылай финансылык колдоо көрсөтүүгө- 10 миң сомго чейин ;
-шаардын масштабында расмий даталарга арналган иш-чараларды өткөрүүгө -10 миң сомго чейин;
-кесиптик майрамдарга байланыштуу эмгек сиңирген кызматкерлерди сыйлоого-10 миң сомго чейин;
- табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттердин алдын алуу жана жоюу боюнча маселелерди ыкчам чечүүгө-20,0 миң сомго чейин;
-шаардын калкынын жакыр катмарына финансылык жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук марафондорун өткөрүүгө-10,0 миң сомго чейин;
- спорттук, маданий иш –чаралардын катышуучуларына, ошондой эле илимдин жана маданияттын кызматкерлерине финансылык колдоо көрсөтүүгө-10,0 миң сомго чейин;
- Кыргыз Республикасынын , шаардын өсүп өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон шаардын аймагында жашаган инсандарга, ошондой эле Кара-Көл шаарынын өз алдынча башкаруу системасында 10 жана андан ашык жыл иштеген муниципалдык кызматкерлерди ардактуу эс алууга узатууда бир жолку финансылык колдоо көрсөтүүгө – 10,0 миң сомдон 30 миң сомго чейин;
-Кара-Көл шаарынын өз алдынча башкаруусунун аткаруу жана өкүлчүлүктүү органдарынын аппараттарын материалдык –техникалык камсыздоого жана аппарат кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүүгө -10,0 миң сомго чейин;
-олуттуу социалдык, маданий-массалык жана башка иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө кошумча финансылык жардам көрсөтүүгө-15 миң сомго чейин;
-олуттуу социалдык –маданий мааниге ээ жана кечиктирбестен каржылоо талап кылынган башка максаттарга- 20,0 миң сомго чейин.
2.4. Резервдик фонддун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга тыйуу салынат:
-коммерциялык максаттарга же пайда алып келүүчү иштерге;
-өкмөттүк эмес уюмдарды күтүүгө жана каржылоого;
-бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн көбөйтүүгө;
-шаарда өткөрүлүүчү мааракелерди, тойлорду жана башка оюн-зоок иш-чараларды уюштурууга.
3. Каражаттарды тескөөчүнүн жоопкерчилиги жана резервдик фонддордун каражаттары боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби
3.1. Каражаттарды тескөөчүлөр жана каражаттарды алуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык резервдик фонддун акча каражаттарын сактоо, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууга жеке жоопкерчилик тартат.
3.2. Резервдик фонддордун акча каражаттарын эсепке алуу каражаттарды башкы тескөөчүнүн жана алуучунун өзүнчө казыналык эсеп-чотторуна ( бюджеттик каражаттар боюнча негизги сметадан өзүнчө) жүргүзүлөт.
3.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы “ Бюджеттик мекемелерге бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө” № 224- Токтомуна ылайык резервдик фонддордун каражаттарын алуучулар ай сайын жергиликтүү бюджетте турган мекемелердин чыгаша сметаларын алуучулар тууралуу жыйынтыктоо отчетту мэриянын башкы эсепчисине тапшырат.
3.4 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы “ Бюджеттик мекемелерге бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө” № 224- Токтомуна ылайык каражаттарды тескөөчүлөр шаар боюнча бюджеттик каражаттардын чыгашалар сметасын аткаруу тууралуу жыйынтыктоо отчет түзүшөт жана шаардык каржы бөлүмүнө тапшырат.
Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси: | К.И.Нурматов |