КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-июлу № 26-24/2
Жамангул Тойгонбаевдин ысымын №2 кесиптик-техникалык
лицейге ыйгаруу жөнүндө
№2 кесиптик лицейдин эмгек жамаатынын кайрылуусун, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору Т.Чолпонкуловдун «Жамангул Тойгонбаевдин ысымын №2 кесиптик-техникалык лицейине ыйгаруу жөнүндөгү» 27.03.2014-жылдагы кир.№01-7/166 кайрылуу катын карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Ж.Тойгонбаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү корутундусун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин, Кыргыз Республиканын кесиптик-техникалык билим берүүсүнө татыктуу салым кошкондугун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жамангул Тойгонбаевдин ысымы Каракол шаарынын №2 кесиптик-техникалык лицейине ыйгарылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу кесиптик-техникалык билим берүү Агенттигине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармасына жиберилсин
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Усупбаев) жана биринчи вице-мэр К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Тѳрага: | У.Турсунбаев |