Редакцияот 24.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 24-июлу № 26-24/5

«Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» жөнүндөгү Жобого айрым өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү жөнүндө

           Мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын  төрагасынын маалыматын угуп, мыйзамдуулукту сактоо ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө чечимди кабыл алуу процедурасын  иреттөө максатында,   Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIV сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 24.09.2004-жылдын №24-11/7 токтому жокко чыгарылсын.

2. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамы жөнүндөгү Жобо, ага киргизилген айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор  менен бекитилсин (№1 тиркеме).

3. 2014-жылы Каракол шаарынын негизделгенине 145 жыл болгондугуна байланыштуу, Жободо көрсөтүлгөндөй, «Каракол шаарынын Ардактуу Атуулу» наамын эки жаранга эмес, чектөөсүз ыйгарылсын.

4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылар жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык,  Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.

5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик  укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция  башкармасына жиберилсин.

6. Токтом ММКларда жарыялансын.

7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү  мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Усупбаев)

 

Тѳрага:

У.Турсунбаев