Редакцияот 24.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 24-июлу № 26-24/8

Ц-1 зонасынын уруксат  берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги

түрлөрүнүн тизмегине  толуктоо киргизүү жөнүндө

Каракол шаарынын тургуну С.Осекованын 06.11.2013-жылдагы кир.№01-9/316  жер тилкесин бир зонадан экинчи зонага которуу жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, 21.05.2014-жылдагы кир.№01-7/289 Каракол шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын сунушун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIV сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 Ц-1 зонасынын (шаардын борборундагы  коомдук, ишкердик жана коммерциялык активдүүлүк зона)  уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануу түрлөрүнүн тизмегине  – Каракол шаарынын Алыбаков атн.көчөсүнүн №223 дарегинде жайгашкан, аянты 700.0кв.м чейинки кампалык жай киргизилсин.

1. Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы:

2. Каракол шаарынын жерди пайдалануу жана курулуш боюнча Эрежесине көрсөтүлгөн  толуктоону киргизсин; ушул токтомдо белгиленген объектини максаттуу пайдаланышын кыйшаюуусуз  аткарылышына көзөмөлдү  камсыз кылсын.

3. КЧжЭсине  ылайык, С.Осекова Каракол шаарындагы жерди пайдалануу жана курулуш боюнча эрежелерди сактасын.

4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык  Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.

5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик  укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция  башкармасына жиберилсин .

6. Токтом ММКларда жарыялансын.

7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Т.М.Өмүров) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.

 

Тѳрага:

У.Турсунбаев