Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-апрели № 183
“Беловодск айыл өкмөтү көрсөткөн тейлөөлөр үчүн төлөөлөрдү токтотуу жөнүндө”
Беловодск айыл округунун башчысы А.И. Кононовдун “Беловодск айыл өкмөтү көрсөткөн тейлөөлөр үчүн төлөөлөрдү токтотуу жөнүндө” маселени угуп жана талкуулап, Беловодск айыл өкмөтүнүн кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айыл округунун жашоочуларына буйруктарды жана маалыматтарды берүү боюнча Беловодск айыл өкмөтү көрсөткөн тейлөөлөр үчүн төлөөлөр 2011-жылдын 01-майынан баштап токтотулсун. /тиркеме №1/
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Беловодск айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Д. Казыгуловага жүктөлсүн.
Беловодск айыл кеңешинин тѳрайымы: |
О.Третьякова |