КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-майы № 70/XV-26
Кант шаарындагы Дзержинский атындагы көчөнү Камбараалы Абдраимов атындагы көчө деп өзгөртүү жөнүндө
Кант шаардык Кеңешинин, шаар куруу, өндүрүш, унаа, комуникация жана жер маселелери боюнча шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын чечимин жана Ысык-Ата райондук футбол федерациясынын, Ысык-Ата районудук мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелердин кызматкерлеринин профкомдор кеңешинин жана Ысык-Ата райондук мамлекетик администрациясынын райондун каржы–экономикалык тармагын өнүктүрүүгө салмактуу салым кошкон, ошондой эле райондун футбол федерациясынын президенти да болуп эсептелген Камбараалы Абдраимовдун (өлгөндөн кийин) ысымын көчөгө берип түбөлүккө калтыруу жөнүндөгү өтүнүчтөрүн карап, , ошондой эле К.Абдраимов далай Ардак грамоталардын, дипломдордун татыктуу ээси болуп,
Сыйланган:
- 1982-жылы СССРдин түзүлгөндүгүнүн 60 жылдык татыктуу жолугушусу боюнча, социалистик мелдештеги өндүрүштүк жогорку көрсөткүчтөрү үчүн “Трудовик” Ардак грамотасы менен;
- 1997-жылы Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен;
- 2000-жылы Ысык-Ата райондук спорт жана дене-тарбия комитетинин Диплому менен;
- 2001-жылы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Диплому менен;
- 2001-жылы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен;
- 2002-жылы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен;
- 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Каржы министирлигинин Ардак грамотасы менен;
- 2007-жылы Чүй облусунун каржы-экономикалык башкармалыгынын Ардак грамотасы менен;
Кыргыз Республикасынын дене-тарбияны жана спортту өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн бир катар дипломдор жана грамоталар менен
Жогорудагы айтылгандардын негизинде
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дзержинский атындагы көчө Камбараалы Абдраимов атындагы көчө деп өзгөртүлсүн.
2. Ушул токтомдон келип чыккан көчөнүн атын өзгөртүүдөгү уюштуруу жана каржы маселелери демилгечилерге милдеттендирилет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык Кеңешинин шаар курулуш, өндүрүш, унаа, комуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Макеев А.А.) жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.К.Шайлдабеков |