Редакцияот 16.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРЫНДАГЫ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 16-майы № 71/XV-26

Кант шаарындагы Мичурин атындагы көчөнү Гейдар Алиев

атындагы көчө деп өзгөртүү жөнүндө

Шаар курулуш, өнөрдүрүш, унаа, комуникация жана жер маселелери боюнча шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кыргыз Республикасында жашаган азербайжандардын коомдук “Азери” бирикмесинин Гейдар Алиевдин ысымын көчөгө ыйгаруу жөнүндөгү өтүнүчтөрүн карап, убагында ССРдин мамлекеттик ишмери, КПССтин БК саясий бюросунун мүчөсү, СССР  Министрлер Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары, эки жолку социалисттик эмгектин баатыры, СССР дин кулашынан кийин Азербайжан Республикасынын Президенти болгон. Г.Алиев биздин элдердин ортосунда достукту чыңдоого көп эмгек сиңирген. 1995-жылы “Манас эпосунун 1000-жылдыгын” майрамдоого делегация башчысы болуп келип, ага активтүү катышкан.

Жогорудагы айтылгандардын негизинде

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мичурина атындагы көчө Гейдар Алиев атындагы көчө деп өзгөртүлсүн.

2.  Ушул токтомдон келип чыккан көчөнүн атын өзгөртүүдөгү уюштуруу жана    каржы маселелери демилгечилерге жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык Кеңешинин шаар курулуш, өндүрүш, унаа, комуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Макеев А.А.) жүктөлсүн.

 

Тѳрага:

А.К.Шайлдабеков