Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-февралы № 1
“Кара Суу айылындагы кызыл үй, маалымат
борборунун имаратын капиталдык
оңдоодон өткөзүү жөнүндө”
Кара Суу айылындагы кызыл үйдүн,маалымат боорборунун имаратынын эскилиги жетип ,1970-жылдан бери капиталдык оңдоо иштерине муктаж болгондугуна байланыштуу имаратты капиталдык оңдоодон өткөзүү үчүн Кыргыз Республикасынын каржы министирлигине караштуу үлүштүк (түрткү берүүчү ) гранттар комиссиясына долбоор жазуу жөнүндө Кара Суу айыл өкмөтүнүн сунушун карап талкуулап чыгып,депутаттардын Кара Суу айылдык аймактык Кеңешинин кезектеги 11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТЫ:
1. Кара Суу айылындагы кызыл үйдүн,маалымат борборунун имаратын капиталдык оңдоодон өткөзүү үчүн Кыргыз Республикасынын каржы министирлигине караштуу үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттар комиссиясынын жалпы өлчөмү 3 325 142 сомду түзгөн долбоор жазууга макулдук берилсин .
2. Долбоорду ишке ашырууда айыл өкмөтүү тарабынан берилүүчү 3 32 514 сом же 10% өздүк салымды 2014-жылдын бюджетине киргизүү жагы айыл өкмөт башчысы Ч.Сулаймановго милдеттендирилсиин.
3. 2014-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 332 514 сом же 10 % өздүк салым накталай накталай акча катары долбоор ишке ашырылары менен курулуш мекемесине которулуп берилсин.
Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин тѳрайымы: |
Н.Курманалиева |