Редакцияот 09.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 9-апрели № 7

Кара-Суу айылдык аймагынын Чыныке бийдин күмбөзүнөн МТФга чейинки  көчөнүн атына  Токтогазиев Шүкүрбектин  ысымын ыйгаруу жөнүндө.

Эл Депутаттардын Кара-Суу айылдык аймактык Кенеши Кара-Суу айылынын  жашоочусу Токтогазиев Сагынбектин арызын карап чыгып жана талкуулап

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айылынын жашоочусу Токтогазиев Сагынбектин  арызы канааттандырылып, Чыныке бийдин күмбөзүнөн МТФга чейинки  көчөнүн атына  Токтогазиев Шүкүрбектин   ысымы ыйгарылсын.

2. Көчөнүн  тазалыгына жашылдандырылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Токтогазиев Сагынбектин  үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

Кара-Суу айылдык аймактык

кеңешинин тѳрайымы:

 

Н.Курманалиева