Редакцияот 27.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Шадыкан айылдык кенешинин 2013-жылдын 27-сентябрындагы кезексиз сессиясынын токтому.

2013-жылдын 27-сентябры

1. Шадыкан атанын эстелигин орнотууга айыл өкмөтүнүн алдынан 63м 2 жер бөлүнүп берилсин. Эстеликтин бюстунун фундаментине жана курчоосуна Шадыкан айыл өкмөтүнүн бюджетинен 44000 сом каражат бөлүнүп берилсин.

2. Шадыкан атанын эстелигин курууда тосколдуктар алынсын, туяларды кесүүдө экологдун уруксатын алуу жагы Шадыкан атанын эстелигин курууда спонсорлук жасап жаткан Шадыканов  Муратка  жүктөлсүн.

3. Токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы Шадыкан айыл аймагынын башчысы М.Ызабековго милдеттендирилсин.

 

Шадыкан айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

 

Байгончоков Т.М.