Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-июну № 12
Кең-Арал айылынын калкын социалдык жактан тейлөө үчүн айылдык почта бөлүмүнө жумуш кеңсесин бөлүп берүү жөнүндө
Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин 38-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы Кең-Арал айылынын калкын социалдык жактан тейлөө үчүн айылдык почта бөлүмүнө жумуш кеңсесин бөңлүп берүү жөнүндө Бакай-Ата райондук почта бөлүмүнүн башчысы И.Надырбаевдин кайрылуусун карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2001жылдын 22майындагы Кыргыз Республикасынын почта байланыш жөнүндөгү мыйзамдын 21статьясына ылайык, КеңАрал айылдык маданият үйүнүн бир бөлмөсүн почта бөлүмүнө калкты социалдык жактан тейлөө үчүн убактылуу 1(бир) жылга бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н.Бейшеналиевага жүктөлсүн.
Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин тѳрагасы: |
И.Изаканов |