Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-декабры № 17
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2013-жылы МЧСке каралган акча каражатын
жылдын бүтүп бара жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн башка жумуштарына жылдыруу жөнүндө
Аталган маселени карап чыгып талкуулап Кен-Арал айылдык аймактык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кен-Арал айыл өкмөтүнүн МЧСке каралган кол тийгис 95 000 (токсон беш миң) сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн кенректүү жумуштарына жумшалсын.(көчөлөрдү түнкү жарыктандыруу үчүн).
2. Керектүү акча каражаты менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерине (Г.Абдылдаевага) жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджеттик комитетинин төрагасына (М.Төрөкуловго) жүктөлсүн.
Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин тѳрагасы: |
И.Изаканов |