Загрузка документа…
ТАШ-КѲМYР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-июлу № 2
«Шаардык мэриянын 21.07.2014-жылдагы «Шамалды-Сай шаарчасынын аймагында жайгашкан эс алуу багын (ПАРК) муниципалдык менчик департаментинин балансына алууга жана эс алуу багынын ичинен убактылуу пайдаланууга, жаштарга чакан футбол аянтчасын курууга макулдук берγγ» жѳнγндѳгγ 03-3/926 кайрылуу каты тууралуу»
Шаардык мэриянын 21.07.2014-жылдагы «Шамалды-Сай шаарчасынын аймагында жайгашкан эс алуу багын (ПАРК) муниципалдык менчик департаментинин балансына алууга жана эс алуу багынын ичинен убактылуу пайдаланууга, жаштарга чакан футбол аянтчасын курууга макулдук берγγ» жѳнγндѳгγ 03-3/926 кайрылуу каты тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мγчѳсγ Т.Отунчиевдин маалыматын жана чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар Кенешинин XXVI- чакырылышынын кезексиз 20 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 21.07.2014-жылдагы «Шамалды-Сай шаарчасынын аймагында жайгашкан эс алуу багын (ПАРК) муниципалдык менчик департаментинин балансына алууга жана эс алуу багынын ичинен убактылуу пайдаланууга, жаштарга чакан футбол аянтчасын курууга макулдук берγγ» жѳнγндѳгγ 03-3/926 кайрылуу каты тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мγчѳсγ Т.Отунчиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Шамалды-Сай шаарчасынын аймагында жайгашкан эс алуу багын (ПАРК) муниципалдык менчик департаментинин балансына алууга макулдук берилсин.
3. Жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында, Шамалды-Сай шаарчасында жайгашкан эс алуу багынын (ПАРК) ичинен убактылуу пайдаланууга, жаштарга чакан футбол аянтчасын курууга макулдук берилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизγγ жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтγγ массалык маалымат каражаттарында жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (С.Бабатаев) жγктѳлсγн.
Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар кеңешинин тѳрагасы: |
Кулдышев М.С |