Редакцияот 31.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

V чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

2013-жылдын 31-июлу № 8/3

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т Жунушалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 .Кара-Суу айыл өкмөтүнүн ай»магында жайгашкан Кызыл-Дөбө орто мектебинин чатырын шамал алып кеткендигине байланыштуу, аппараттын электр энергиясына каралган статьясынан 20000( жыйырма миң ) сом, агартуу мектептерге каралган билимин жогорулатуу агартуу статьясынан 20000 (жыйырма миң) сом , бардыгы 40000 кырк миң сом мектептин 22155900 ( ар кандай чыгымдар) статьясына жылдырылсын.

2. Жогорудагы токтомдун аткарылышы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башкы эсепчисинин убактылуу милдетин аткаруучусу К. Темиралиевге тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин тѳрагасы:

Т.Курткаев