Редакцияот 29.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

V чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

2014-жылдын 29-январы № 13/2

«Кара-Суу айыл өкмөтүн өнүктүрүүнүн «Жол картасын» бекитүү жөнүндө

2013-2017-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн стратегиясынын негизинде Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2014-2017-жылдарга Кара-Суу айыл өкмөтүн өнүктүрүүнүн « Жол картасы » жөнүндөгү Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-2017-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн стратегиясынын негизинде иштелип чыккан Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2014-2017-жылдарга өнүгүүсүнүн иштелип «Жол картасы» бекитилсин.

2. Жол картасында көрсөтүлгөн, айыл өкмөттүн аймагындагы айылдардын социалдык экономикалык өнүктүрүүнүн ички жана тышкы  мүмкүнчүлүктөрүн так аныктап, реалдуу натыйжаларга жетишүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин тѳрагасы:

Т.Курткаев