Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-февралы № 14/4
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин
аткарылышын, 2014-жылдын бюджетин жана 2015-2016-жылдардын болжолдуу
бюджеттеринин долбоорун бекитүү жөнүндө.
Депутаттардын Кара-Суу айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Н. Шериповдун жана Кара-Суу айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи К. Темиралиевдин отчеттук докладын угуп жана талкуулап Депутаттардын Кара-Суу айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл Окмотунун 2012-жылга бюджетинин аткарылышы, киреше бөлүгү36718,9 миң сом, чыгашалар бөлүгү 36631,3 миң сомго бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл аймагынын айыл Окмотунун 2014-жылга карата бюджети төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Киреше бөлүгү-7688,3 миң сом.
№ | Салыктын түрлөрү | Баары,миң сом менен |
1 | Киреше салык өз ыктыяры менен (патент) | 53,0 |
2 | Эмгек акыдан киреше салык | 266,0 |
3 | Кыймылсыз мүлктөн алынуучу салык | 4,5 |
4 | Транспорт салыгы | 210,0 |
5 | Жер салыгы (огород) | 240,0 |
6 | Жер салыгы (дыйкан чарбалар) | 497,0 |
7 | Айыл чарбасына арналбаган жер салыгы | 12,0 |
8 | Сатуудан алынуучу салык | 210,0 |
9 | ФПСтин жеринен алынуучу ижара акысы | 122,5 |
10 | Тазалык жыйым | 30,0 |
12 | Мамлекеттик пошлина | 130,0 |
| Бардык кирешелер | 2249,0 |
13 | Атайын каражаттан киреше | 345,0 |
14 | Теңдештирүүчү грант | 5094,3 |
|
|
|
| Бардык кирешелер | 7688,3 |
3. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга чыгаша бөлүгү:
Статьялар,чыгаша түрлөрү | Аппарат | Бала бакча | Маданият | Мектеп | Жыйынтыгы |
2111 айлык акы | 3528,0 | 0 | 1146,0 | 0 | 4674,0 |
2121 соц фонд | 527,4 | 0 | 197,7 | 0 | 725,1 |
2211 сапарлык чыгым | 22,0 | 2,0 | 1,0 | 5,0 | 30,0 |
2212 суу акысы | 0,0 | 9,5 | 0,0 | 7,5 | 17,0 |
2212 энергия | 0 | 0,0 | 0,0 | 932,0 | 932,0 |
2212 телефон | 5,0 | 0,0 | 0,0 | 0 | 5,0 |
2214 транспорт | 60,0 | 0,0 | 0,0 | 0 | 60,0 |
2215 көмүр | 0 | 0,0 | 0,0 | 0 | 0,0 |
2215 тех. ремонт | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0 | 0,0 |
2215 жабдыктар | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0 | 0,0 |
2215 ар кандай чыгым | 75,0 | 5 | 5,0 | 10,0 | 95,0 |
2215 курсун жогорулалатуу | 0,0 | 10,0 | 0,0 | 50,0 | 60,0 |
2218 тамак аш | 0,0 | 745,2 | 0,0 | 0 | 745,2 |
Бардыгы: | 4217,4 | 771,7 | 1349,7 | 1004,5 | 7343,3 |
Атайын каражат | 150,0 | 195,0 | 0,0 | 0 | 345,0 |
Жыйынтыгы | 4367,4 | 966,7 | 1349,7 | 1004,5 | 7688,3 |
Баары 7688,3 миң сом.
4. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жыл үчүн:
кирешелер бөлүгү 345,0 миң сомго
чыгашалар бөлүгү: 345,0 миң сомго бекитилсин
Тазалык жыйым ар бир түтүнгө 25 (жыйырма беш ) сомдон, менчик короо сарайлардын айланасындагы жердин ар бир сотыхына огород катары 10 (он ) сомдон алынсын, мамлекеттик каттоодон өткөн менчиктештирүүнүн аянты боюнча эсептелсин.
Турак-жай салуу үчүн жер тилкесин кесип берген учурда чечим үчүн 300 ( үч жүз ) сомдон алынсын.
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тургундары өздөрүнө тиешелүү жер үлүштөрүн, турак жайларын жана кашарларын саткан учурларда айыл өкмөттүн көрсөткөн кызматы үчүн сатып алуучудан 800 (сегиз жүз ) сом алынсын.
5. 2015-2016-жылдардын бюджеттеринин болжолдуу долбоорлорунун киреше бөлүктөрү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
2015-жыл үчүн:
1) Өздүк жыйым 2771,0 миң сом
2) Теңдештирүүчү грант 5023,5 миң сом
3) Бардыгы 7794,5 миң сом
2016- жыл үчүн:
1) Өздүк жыйым 2922,0 миң сом
2) Теңдештирүүчү грант 5047,5 миң сом
3) Бардыгы: 7969,5 миң сом
Айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Курткаев |