Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-февралы № 14/5
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Мойнок айылында Каракол
суусуна көпүрө салуу үчүн жер берүү жөнүндө.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Мойнок айылынын айыл башчысы Б.Назаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Мойнок айылындагы Каракол суусуна көпүрө салуу үчүн 7800м2 (жети миң сегиз жүз квадрат метр) жер бөлүнүп берилсин.
2. Көпүрө салуу үчүн жерди ченеп бөлүп берүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Садыковго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | Т.Курткаев |