Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-апрели № 16/2
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малын 2014-жылы жайлоого жайлатуу үчүн алып чыккан малчы чабандардын эмгек акысын бекитүү жөнүндө
2014-жылы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малын жайлоого алып чыгып багып багып келүүдө, мал баккан бадачылардын эмгек акылары боюнча талкуулап депутаттардын Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малын багуучу бадачылар 2014-жылдын 20-апрелинен тартып алыскы жайыттарга көчүү жагы каралсын.
2. Айдоо аянт жерлеринин корук иштери 20-апрелден башталсын, малды корукка жайгандарга айып пулдун өлчөмү 1 (бир) баш койго – 50 сомдон, 1 (бир) бодого – 500 сомдон белгиленсин.
3. 2014-жылы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малын жайлоого алып чыгып багып багып келүүдө, мал баккан бадачылардын эмгек акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1.Кой козу башына 25 сомдон;
2.Эчки улак башына 30 сомдон;
3.Уй, торпок башына 200 сомдон (саандарына мал ээси менен чабандын макулдашуусу)
4.Жылкы, тай башына 200 сомдон (саандарына жана мингичтерине мал ээси менен чабандын макулдашуусу)
4. Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | Т.Курткаев |