Редакцияот 25.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

V-чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

2014-жылдын 25-апрели № 16/8

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жыл үчүн мал ээлеринен алынуучу жайыт акыларын бекитүү жөнүндө.

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында 2014-жылга карата мал ээлеринен алынуучу жайыт акыларынын өлчөмү  жөнүндөгү элдик жыйындардын протоколун  талкуулап  депутаттардын Кара-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл  өкмөтүнүн тургундарынан алынуучу жайыт акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

Уй, жылкыга ар бир башка 50 (элүү) сомдон

Кой, эчкиге ар бир башка 10(он) сомдон  .

2. Бул токтомду аткаруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин тѳрагасы:

Т.Курткаев