Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-июну № 6/19
Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевдин “Кызыл–Кыя шаарынын 2013–2016–жылдарга социалдык–экономикалык өнүгүүсү
боюнча Программасы” жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101Мыйзамынын 44–беренесинин 1–бөлүгүнүн 7)–пунктуна, 31–беренесинин 1–бөлүгүнүн 3)–пунктуна жана 59–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардын мэриясынын шаардык кеңешке 2013–жылдын 6–майында кириш болуп катталган кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевдин “Кызыл–Кыя шаарынын 2013–2016–жылдарга социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча Программасы” толуктоолорду талап кылгандыгына байланыштуу бекитилбесин.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевке “Кызыл–Кыя шаарынын 2013–2016–жылдарга социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча Программасынын” долбоорун кароодо депутаттар тарабынан берилген сунуштарды эске алуу менен толукталып, 1 айлык мөөнөттө кайрадан шаардык кеңештин кароосуна берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевдин “Кызыл–Кыя шаарынын 2013–2016–жылдарга социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча Программасынын толукталып кайрадан шаардык кеңештин кароосуна берилген долбоору шаардык кеңештин бардык туруктуу комиссияларында каралып, туруктуу комиссиялардын жактыруусу менен шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы А.Маткалыковко жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маткалыков |