С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырык 10-сессиясы
2014-жылдын 16-апрели № 10-2
С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн аймагында жазгы талаачылык иштердин жγрγшγ жѳнγндѳ
Кγн тартибиндеги маселе боюнча айыл Ѳкмѳтγнγн башчысынын орун басары Т. Раимкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн аймагында жазгы талаачылык иштерин жγрγшγ жѳнγндѳ айыл Ѳкмѳтγнγн башчысынын орун басары Т. Раимкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн аймагындагы дыйкан фермер чарбаларды кγйγγчγ, майлоочу майлар менен камсыз болушун, менчигинин тγрγнѳ карабастан айыл чарба техникаларын жазгы талаачылык иштерине даярдоону уюштуруп, ички арыктарды тазалоо, ремонттоо иштерин талап даражасында жγрγшγн камсыз кылуу жагы айыл Ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3. 2014-айыл чарба жылында дыйкан фермер чарбаларга айыл чарба эгиндеринен мол тγшγм алуу γчγн агротехникалык эрежелерге кѳңγл буруп, айыл чарба ѳсγмдγктѳрγн зыянкечтерден асроону, суудан γнѳмдγγ пайдалануу ыкмаларын колдонууну уюштуруу айыл Ѳкмѳтγнγн тийиштγγ кызматчыларына жγктѳлсγн.
4. Пайдаланылбай калган жерлерден пайдалануу менен жыл сайын пайдаланылбай калган жерлерди азайтуу боюнча иш чараларды жγргγзγγ.
5. Айыл чарба эгиндеринин вегетация мезгили башталгандыгына байланыштуу суудан γнѳмдγγ пайдалануу менен, дыйкан фермер чарбаларды сугат суу менен ѳз убагында камсыз кылуу айыл Ѳкмѳтγнγн аймагындагы “Обу-Хает”, “Нооруз”, “Тебат” АВПларына жγктѳлсγн.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык округдук Кеңешинин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |