Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-апрели № 10-8
С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын А. Солиев кѳчѳсγнγн тургуну Умурзаков Умаржон Араббоевичтин арызы жѳнγндѳ
С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын А. Солиев кѳчѳсγнγн тургуну Умурзаков Умаржон Араббоевичтин ѳзγнγн менчик турак γйγнѳн маала мечити куруу γчγн жер ажыратып, мааланын демилгесинин негизинде маала тургундары ашар жолу менен ажыратылган жерге мечит курулушун белгилеп, аталган жердин курулуштук багытын ѳзгѳртγп, мечит курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери γйрѳнγп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын А. Солиев кѳчѳсγнγн тургуну Умурзаков Умаржон Араббоевичтин ѳзγнγн менчик турак γйγнѳн жер ажыратып, аталган жердин курулуштук багытын ѳзгѳртγп, мааланын демилгесинин негизинде маала тургундары ашар жолу мечит курууга макулдук берилсин.
2. Умурзаков Умаржон Араббоевичтин жеке менчик γйγнѳн ажыратылган жердин курулуштук багытын ѳзгѳртγп, аталган жерге маала мечити куруу маселеси С.Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берγγнγн тартиби жана шарттарын жѳнгѳ салуу боюнча тγзγлгѳн комиссиянын кароосунда каралып, айыл ѳкмѳтγ тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу кѳмиссиясына жγктѳлсγн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |