Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-апрели № 10-9
С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын В. Ахмедов кѳчѳсγнγн тургундарынын арызы жѳнγндѳ
С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын В. Ахмедов кѳчѳсγнγн тургундарынын маала тургундары γчγн аталган кѳчѳдѳ бош турган жерди мечит курууга ажыратып берγγнγ суранып жазган арыздарын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери γйрѳнγп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн Араван айылынын В. Ахмедов кѳчѳсγндѳгγ бош турган 150 м2 жер тилкеси маала тургундары γчγн мечит куруп пайдалануу γчγн ажыратууга макулдук берилсин.
2. С.Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берγγнγн тартиби жана шарттарын жѳнгѳ салуу боюнча тγзγлгѳн жер комиссиянын кароосунда каралып, айыл ѳкмѳтγ тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, мечит куруу γчγн жер тилкесин берγγ сунушталсын.
3. Аталган жер тилкесине курулушу пландаштырылып жаткан мечиттин курулушу аяктагандан кийин, айыл ѳкмѳтγнγн кызматкерлери тарабынан тапшыруу-кабыл алуу актысы тγзγлγп, айыл ѳкмѳтγнγн муниципалдык менчиги катары айыл ѳкмѳтγнγн балансына алуу белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу кѳмиссиясына жγктѳлсγн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |