Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-апрели № 10-13
С. Юсупова айылдык кеңештин депутаттары У. Мамажанов, К. Нарматов жана Ж. Мамитовдордун кайрылуусун кароо жѳнγндѳ
С. Юсупова айылдык кеңештин депутаттары У. Мамажанов, К. Нарматов жана Ж. Мамитовдордун автоунаалардын ылдамдыктарын азайтуу максатында Араван айылынын А. Сайдахматов кѳчѳсγнγн жолуна тосуулар (лежащих полицейский) орнотууга уруксат берγγ жѳнγндѳгγ кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык кеңештин депутаттары У. Мамажанов, К. Нарматов жана Ж. Мамитовдордун автоунаалардын ылдамдыктарын азайтуу максатында Араван айылынын А. Сайдахматов кѳчѳсγнγн жолуна Кыргыз Республикасынын жол коопсуздук мыйзамдарына каршы келбеген абалда тосуулар (лежащих полицейский) орнотууга макулдук берилсин.
2. Араван айылынын А. Сайдахматов кѳчѳсγнγн жолуна тосуулар (лежащих полицейский) орнотуу γчγн Араван райондук жоолдорду тейлѳѳ ишканасынын жана Араван райондук ИИБнын жол кайгуул кызматынын макулдугун алуу белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу кѳмиссиясына жγктѳлсγн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |