Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-июну № 4-4
С. Юсупова айыл Кеңешинин аймагында 2013-жылда жазгы талаа иштеринин жγрγшγ жѳнγндѳ.
С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы2013-жылда жазгы талаа иштеринин жγрγшγ жѳнγндѳ айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын орун басары И. Довидовдун билдирγγсγн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Кеешинин аймагында 2013-жылда жазгы талаа иштеринин жγрγшγ жѳнγндѳгγ айыл Ѳкмѳтγнγн башчысынын орун басары И. Довидовдун доклады эске алынсын.
2. Айыл Ѳкмѳтγнγн аймагындагы кγздγк дан эгиндерин ѳз мѳѳнѳтγндѳ каромжусуз кечиктирилбестен оруп жыйноодо дыйкандарга жакындан жардам кѳрсѳтγγ, дан оруучу комбайндарды уюштуруу жагы айыл ѳкмѳтγнγн башчысын орун басары И. Довидовго жана айыл башчыларына тапшырылсын.
3. Айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы дыйкандар тарабынан ѳстγрγп жаткан пахта ѳсγмдγгγн ар тγрдγγ орууларга жана зыянкечтерге каршы кγрѳшγγдѳ дыйкандарга практикалык жактан жарда кѳрсѳтγγ жага Ош облусунун ѳсγмдγктѳрдγ зыянкечтерден коргоо башкармасынын Араван району боюнча адисине суралсын жана айыл башчыларына жγктѳлсγн.
4. Келерки айылдык Кеңештин сессиясында “Бирлик” γрѳѳнчγлγк чарбасына (Х.Тажибаев) аткарган иштери жѳнγндѳ маалымат берγγ жагы белгиленсин.
5. “Теват” каналын эки жээгине эгилген тал-дарактарды кыю боюнча чара колдонууда депутаттык комиссия курамы тѳмѳндѳгγчѳ тγзγлсγн:
1. Сидиков А – комиссиянын тѳрагасы
2. Нарматов К – комиссиянын мγчѳсγ.
3. Шоиев У – мγчѳсγ
4. Хожиматов Д – мγчѳсγ.
5. Мамтитов Ж – мγчѳсγ.
Тγзγлгѳн комиссияга аткарган иштери жѳнγндѳ кезектеги айылдык кеңештин сессиясында отчетун берγγ жагы тапшырылсын.
6. Бул токтомдук кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын орун басары И. Довидов жана туруктуу комиссияга тапшырылсын.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Мамасаидов |