Редакцияот 08.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Балыкчы шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXII сессиясы

2014 жылдын 08 июлу № 2

Балыкчы шаарынын бала-бакчаларына төлөнүүчү ата-энелердин мүчөлүк акысы жөнүндө

 

Шаардагы бала-бакчалардагы ата-энелер менен макулдашуу боюнча жыйындарынын протоколдук чечимине ылайык ошондой эле акыркы убактагы баардык тамак-аш продуктыларынын кымбаттагындыгына байланыштуу, шаардын бала-бакчаларына төлөнүүчү ата-энелердин айлык мүчөлүк акысын 500 сомдон 650 сомго чейин көтөрүү боюнча ата-энелер жыйналыштары өткөрүлүп макулдашууларынын негизинде Балыкчы шаардык Кеңеши коюлган маселени ар тараптан карап талкуулап кайрадан бекитүү үчүн

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Балыкчы шаарынын билим берүү бөлүмүнүн жана шаардын бала- бакчаларынын ата-энелерден алынуучу айлык мүчөлүк акыны көбөйтүү боюнча сунушу эске алынсын жана 2014-жылдын 1-сентябрынан баштап айлык мүчөлүк акынын көлөмү 650 сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2. Шаардын бала-бакчаларынын жетекчилерине балдардын ата-энелеринен чогулган каражаттар балдардын гана тамак ашын сарпталуу жагы милдеттендирилсин.

 

3. Шаардык Кеңештин XXV чакырылышынын V сессиясында кабыл алынган № 10 токтомдун күчү жоготулсун.

 

4. Токтом жергиликтүү “Балыкчы” гезитине жарыялансын

5. Кабыл алынган токтом Ысык-Көл облусунун “Адилет” башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жага сунушталынсын.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин башкы адиси К.Орузбаевага жана шаардык Кенештин социалдык өнүгүү жана укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Балыкчы шаардык кеңештин төрагасы

 

А.Смадияров