Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-июну № 4-14
Районубуздун борборундагы мосттун ремонтуна 2 куба карагай жыгачынан жардам кѳрсѳтγγ жѳнγндѳ
24-май 2013-жылда райондук мамлекеттик администрациясында ѳткѳрγлгѳн биргелешкен айылдык Кеңештеринин депутаттарынын жыйынында белгилеп ѳткѳн районубуздун борборундагы мосттун ремонтуна айыл ѳкмѳтγ тарабынан 2 куба карагай жыгачынан жардам кѳрсѳтγγ жѳнγндѳгγ сунушту угуп жана талкуулап С.Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван райондук мамлекеттик администрациясында 2013-жылдын 24-майында биргелешкен айылдык Кеңештеринин депутаттарынын жыйынында белгилеп ѳткѳн районубуздун борборундагы мосттун ремонтуна 2 куба карагай жыгачы н алып берγγ жагы С.Юсупова айыл ѳкмѳтγнѳ сунушталсын.
2. Акча-каражатын эсептеп тактоо жана каржылоо жагы айыл ѳкмѳтγнγн ФЭБ башчысы Базарбаев Рга тапшырылсын жана мыйзам чегинде чечилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык Кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Мамасаидов М.Т. |