Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-июну № 4-16
С. Юсупова айыл кеңешинин укуктук ченемдик актыларын (токтом, буйрук, каттарын) мамлекеттик тилде кабыл алуу жѳнγндѳ
Кγн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин тѳрагасы М. Мамасаидовдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин аймагында жашаган элдин мамлекеттик тилди (кыргыз тилин) билγγсγн, окуусун жана жазуусун эске алып, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жѳнγндѳ» мыйзамын жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл кеңешинин укуктук ченемдик актыларын (токтом, буйрук, каттарын) мамлекеттик тилде (кыргыз тилинде) жγргγзγγ боюнча айылдык кеңештин тѳрагасы М. Мамасаидовдун билдирγγсγ эске алынсын.
2. С. Юсупова айыл кеңешинин укуктук ченемдик актылары (токтом, буйрук, каттарын) мындан ары мамлекеттик тилде (кыргыз тилинде) жγргγзγлγγсγ белгиленсин.
3. С. Юсупова айыл кеңешинин укуктук ченемдик актылары (токтом, буйрук, каттарын) мындан ары интернет тармагынын расмий сайттарында жана мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик тилде (кыргыз тилинде) жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңешинин социалдык-маданий, укук-тартип жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Мамасаидов М.Т. |