Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-январы № 8-2
С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн аймагындагы Араван айылындагы “Мѳмѳ-Жемиш” базарын мγлк салыгынан бошотуу жѳнγндѳ
С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн аймагындагы “Мѳмѳ-Жемиш” базарында 17.01.2014-жылда болгон ѳрт кырсыгына байланыштуу базарды кайра ремонттоп, ишке тγшγрγγгѳ кѳмѳк кѳрсѳтγγ максатында, жарыш сѳзгѳ чыккан депутаттардын ой пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”нин 330-беренесин жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл Ѳкмѳтγнγн аймагындагы Араван айылындагы “Мѳмѳ-Жемиш” базары 2014-жылдан баштап 3 (γч) жылга мγлк салыгынан бошотулсун.
2. С. Юсупова айыл ѳкмѳтγ 2014-жылга карата бюджетинин долбоорун даярдоодо жана бекитγγдѳ бул токтомду эске алсын.
3. “Мѳмѳ-Жемиш” базарынын администрациясы тѳмѳнкγлѳргѳ милдеттендирилсин:
- Базар ичиндеги жана айланасындагы жол ар дайым автоунаалар аракети γчγн ачык болуусун камсыздоого;
- Базардын тийиштγγ жерлерине ѳрт коопсуздугуна каршы ѳрт ѳчγрγγ шаймандары жана жабдуулары менен толукталган шиттерди орнотуу жана Араван-Сайдан суу алуу жолчолорун ачууга;
Электр энергиясынан пайдалануу эрежелерин так сактоо менен ар дайым электр зымдарын жана жабдууларын сактыгын кѳзѳмѳлдѳѳгѳ;
- Базардагы жарандардын коопсуздугун сактоо максатында базар имараты пайдаланууга коопсуз экендиги жана архитектуралык-курулуштук ченемдерге туура келиши боюнча тийиштγγ мамлекеттик мекемелерден корутундулар алууга;
- Араван районунун генералдык планында белгиленген кызыл сызыкдан ѳтпѳстѳн, базар сыртындагы дγкѳндѳрдγ курууга;
- Дыйкандарга соода кылуу γчγн атайын жайларды ажыратып, соода жγргγзγγ γчγн аларга керектγγ шарттарды тγзγп берγγгѳ;
- Базарда иштеген кароолдарга кγн сайын ѳрт коопсуздугу жана электр энергиясынан пайдалануу эрежелери боюнча тγшγндγрмѳлѳр берγγгѳ;
- Базардагы жеке ишкерлер ортосунда ѳрт коопсуздугу жана электр энергиясынан пайдалануу эрежелери боюнча ай сайын профилактик тγшγндγрγγ иштерин алып барууга.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана кѳзѳмѳлгѳ алуу С. Юсупова айыл ѳкмѳтγнѳ жγктѳлсγн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |