Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-сентябры № 5-7
С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнѳ караштуу Ак-Шар участкасынын тургуну Ш. Мамединовдун арызы жѳнγндѳ
С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнѳ караштуу Ак-Шар участкасынын тургуну Ш. Мамединовдун айыл Ѳкмѳтγнγн Ак-Шар участкасындагы мамлекеттик фонд жерлеринен беш жылдык мѳѳнѳткѳ алган 2 га ижара жери таштактыгын, дыйканчылык кылуу γчγн бир топ кыйынчылыктар болгонун билдирип, аталган жердин ижара акысын тѳмѳндѳтγп берγγ жѳнγндѳгγ арызы боюнча айыл Ѳкмѳтγнγн жер, турак жай жана коммуналдык менчик маселери боюнча башкы адиси А. Мамаджановдун билдирγγсγн талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнѳ караштуу Ак-Шар участкасынын тургуну Ш. Мамединовдун айыл Ѳкмѳтγнγн мамлекеттик фонд жерлеринен ижарага алган жеринин 2013-жылдагы ижара акынан ар гектарына 1000 (бир миң) сомдон кечип берγγгѳ макулдук берилип, негизи 3000 (γч миң) сом ижара акы 2000 (эки миң) сом болуп белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |