Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-сентябры № 5-10
С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнѳ караштуу Октябрь айылынын Эрке-кашка участкасынын тургундарынын арызы жѳнγндѳ
С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнѳ караштуу Октябрь айылынын Эрке-кашка участкасынын тургундарынын ѳздѳрγ жашап жаткан кѳчѳгѳ трансформатор жана электр мамычалары орнотуп, электр зымдарын тартып берγγ жѳнγндѳгγ арызы боюнча айыл Ѳкмѳтγнγн Финансы-Экономика бѳлγмγнγн башчысы Р. Базарбаевдин билдирγγсγн угуп жана талкуулап чыгып, жарыш сѳзгѳ чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнѳ караштуу Октябрь айылынын Эрке-кашка участкасынын тургундарынын арызында суралган маселелерди аткаруу айыл Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдагы иш чараларынын планына жана бюджетине киргизγγ сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айыл Ѳкмѳтγнѳ жана айылдык Кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |