Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-сентябры № 5-12
Араван районунун аймактык ооруканасынын эмгек жамаатынын кайрылуусу жѳнγндѳ
Араван районунун аймактык ооруканасынын хирургия бѳлγмγн ремонттоо γчγн айыл Ѳкмѳтγ тарабынан финансылык жардам берγγ жѳнγндѳ аймактык оорукананын эмгек жамаатынын кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн 2013-жылга бекитилген бюджетинин 9 айлык кирешесине кошумча тγшкѳн каражаттын эсебинен Араван районунун аймактык ооруканасынын хирургия бѳлγмγн ремонттоо γчγн 50000 (элγγ миң) сом акча каражаты ажыратууга макулдук берилсин.
2. Бюджетке кошумча тγшкѳн каражаттын эсебинен ажыратылган акчаны аймактык оорукананын эсебине которуп берγγ жагы С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн финансы-экономика бѳлγмγнγн башчысы Р. Базарбаевге жγктѳлсγн.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнѳ жана айылдык Кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |