Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-сентябры № 5-13
С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн Х. Сидиков кѳчѳсγнγн тургундарынын арызы жѳнγндѳ
С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн Х. Сидиков кѳчѳсγнγн тургундарынын кѳчѳнγн тγнкγ жарыткычтарын айыл Ѳкмѳтγнγн балансына ѳткѳрγп, электр эсептегич (счетчик) орнотуу жана ичимдик суусуна цестерна орнотуп берγγ жѳнγндѳ жазган арызы боюнча айыл Ѳкмѳтγнγн Финансы-Экономика бѳлγмγнγн башчысы Р. Базарбаевдин билдирγγсγн угуп жана талкуулап чыгып, жарыш сѳзгѳ чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн Х. Сидиков кѳчѳсγндѳгγ тγнкγ жарыткычтарга электр эсептегич (счетчик) орнотуу иштери аталган кѳчѳнγн маала фондунун эсебинен жγргγзγлγγсγ белгиленсин.
2. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн Х. Сидиков кѳчѳсγндѳгγ ичимдик сууга цестерна орнотуу маселеси айыл Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдагы иш чараларынын планына жана бюджетине киргизγγ сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айыл Ѳкмѳтγнѳ жана айылдык Кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Т.Мамасаидов |