Редакцияот 28.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 28-июну № 4/25

Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин

2013-жылга бюджетинин бекитүү жөнүндө

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин эсепчиси Ж. Тентимишовдун 2012-жылда жүргүзгөн иштеринин маалыматын жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2013-жылга карата бюджетинин долбоорун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетинин 2012-жылга бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелери 232,0 сомго, чыгашалары 213,148 сомго аткарылганы белгиленип, жыл аягында калган калдык 28, 736 сомго бекитилсин.

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин2013-жылга карата кирешелер 230,2 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. 2013-жылга жайыт комитетинин чыгашалары 230,2 сом болуп төмөндөгүдөй бекитилсин.

№

Статьялардын аталышы

Сумма м.с.

1.

Эмгек акы

120,0

2.

Соцфондго чегерүү

20,7

3.

Жайыт жер салыгы үчүн

23,731

4.

Сатуудан түшкөн салык 3%

5,294

5.

Ар кандай чыгым үчүн

7,0

6.

Инвентар алууга жана траспорттук чыгым

10,475

7.

Райондук ассоцияга

10,0

8.

Өздүк салым 2014-жылга

30,0

9.

Жайыт комитетинин окуу семинарына

3,0

 

Баары:

230,2

Жалпы чыгым:                                                                                                                                                        230,2

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин экономикалык саясат жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кеңешинин тѳрагасы:

Б.Элтуйбасов