Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 17-сентябры № 5/36
Ак-Кыя айылындагы бузулган мектептин жарактуу курулуш материалдарын
мектеп салууга өздүк салым катары пайдалануу жөнүндө
Ак-Кыя айылындагы Универмагды мектеп кылып багытын өзгөртүп пайдалануу үчүн түрткү берүүчү грант аркылуу 2 974 675 сомго проекти өткөрүлгөн, буга өздүк салым акчалай 148 734 сом жана 148 734 сомдук жумуш аткаруу керек. Сары-Булак айыл аймагынан айыл өкмөтүндө акча каражаты жок болгондуктан бузулган мектептин жарактуу курулуш материалдарын өздүк салым катары берүү жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айылындагы Универмагды мектеп кылып багытын өзгөртүп пайдалануу үчүн түрткү берүүчү грантка өздүк салым катары бузулган мектептин жарактуу курулуш материалдары берилсин.
2. Бузулган мектептин жарактуу курулуш материалдарынын комссия түзүп курулушка пайдалануу үчүн курулуш мекемесине өткөрүп берүү жагы айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин экономикалык саясат жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңешинин тѳрагасы: | Б.Элтуйбасов |