Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-августу № 17/2
Баетов айылындагы суу чорголорунан, скважиналардан,
күн нурунан ичүүчү таза суунун төлөмүн (тарифин) бекитүү жөнүндө
Баетов айылындагы суу чорголорунан, скважиналардан, күн нурунан ичүүчү таза суунун төлөмүн (тарифин) бекитүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылындагы суу чорголорунан, скважиналардан, күн нурунан ичүүчү таза суунун төлөмү (тарифи) түтүнгө 50 (элүү)сомдон төлөө жагы бекитилсин.
2. Мекеме-ишканаларга (менчигинин түрүнө карабастан) 1кв.м жерге суунун төлөмү (тарифи) 8 (сегиз) сомдон бекитилсин
3. Үйүнө суу киргизилген ар бир түтүнгө суунун төлөмү (тарифи) айына 150 (бир жүз элүү) сомдон болуп бекитилсин.
4. Үйүнө суу киргизилген ар бир түтүнгө суу ченегич коюу жагы милдеттендирилсин.
5. Жеке менчик үйлөргө суу киргизүү үчүн төлөмү 3000 (үч миң) сом болуп бекитилсин жана суу кудуктарынан гана кошуу жагы тапшырылсын.
6. Ичүүчү таза суу үчүн алынуучу төлөм кассалык аппарат аркылуу жүргүзүлсүн.
7. Чогултулган акча каражатын максаттуу пайдалануу, суунун үзгүлтүксүз чыгышын камсыз кылуу жагы “Баетов таза суу” муниципалдык ишканасынын директору С.Мамбетовго милдеттендирилсин.
8. Бул токтом массалык маалымат каражатарына жайылтылгандан баштап күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | Т.Рысбаев |