Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-августу № 17/3
Баетов айылына ипподром уюштуруу
үчүн жер берүү жөнүндө
Баетов айылына иподром уюштуруу үчүн жер берүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылына иподром уюштуруу үчүн Кош-Сарай участкасындагы № 405,406,407 контурдан 2 га жер аянты бөлүнүп берилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Тийиштүү документтерин алуу жагы Баетов айыл өкмөтүнүн экономист-статист жетектөөчү адиси Келдибек уулу Бердибекке тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү агрардык курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча тармактык комиссиянын төрагасы А.Абдылдаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.Рысбаев |