Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-августу № 17/4
Баетов айылындагы мүрзөнүн ордун которуу
үчүн жер берүү жөнүндө
Баетов айылындагы мүрзөнүн ордун которуу үчүн жер берүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2014-жылдын 1-августундагы №182 аныктамасы, Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2014-жылдын 21-августундагы №2 протоколуна ылайык, Баетов айылындагы мүрзөнүн ордун которуу үчүн Как-Көл участкасындагы № 335, 336, 349, 352, контурдан 5 га жер аянты бөлүнүп берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Тийиштүү документтерин алуу жагы Баетов айыл өкмөтүнүн экономист-статист жетектөөчү адиси Келдибек уулу Бердибекке тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү агрардык курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча тармактык комиссиянын төрагасы А.Абдылдаевге тапшырылсын.
Төрага | Т.Рысбаев |