Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-августу № 17/5
Баетов айыл аймагындагы айрым жерлерди
бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө
Баетов айыл аймагындагы айрым жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылындагы таштандыларды төгүү үчүн Как-Көл участкасындагы №330 контур чийлүү жайыттан 0,60га, №331 контур чийлүү жайыттан 2,40 га жер аянты;
1.1. Баетов айыл аймагынан топурак алууга Кара-Чий участкасындагы Терек-Сайдын күн батыш тарабындагы №688 контур жайыт жеринен 1 га жер аянты;
1.2. Баетов айыл аймагынан шагыл алууга Кара-Чий участкасынан Терек-Сайдын күн батыш тарабынан сайдын жээгинен №695 контур шагыл (галечник) 1 га жер аянты, жалпы 5га жер аянты айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер категориясына которулсун.
2. Баетов айылына иподром уюштуруу үчүн Кош-Сарай участкасындагы № 405 контур жайыт жеринен 0,10га, № 406 контур жайыт жеринен 0,10 га, № 407 контур бак-дарак 1,8 га жер аянты жалпы 2 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуш категориясына которулсун.
3. Баетов айылындагы мүрзөнүн ордун которуу үчүн жер берүү Как-Көл участкасынын № 335 жайыт жеринен 3,80 га, №336 контур (прочий) 0,50 га, № 349 контур жайыт жеринен 0,30 га, № 352 контур жайыт жеринен 0,40 га жер аянты жалпы 5 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер категориясына которулсун.
4. Баетов айылынын түштүк-батыш тарабынан, түндүк-чыгыш тарабына чейин № 412 чи контурдан баштап 1154 контуруна чейинки 700 га жер аянты турак-жай салуу үчүн калктуу конуш категориясына которулсун.
5. Жогорудагы аты аталган жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Рысбаев |