Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-августу № 17/6
Э.Карасартов атындагы орто
мектебинин жылуулук системасына
акча каражатын бөлүү жөнүндө
Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинин жылуулук системасына акча каражатын бөлүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл өкмөтүнүн атайын каражат бет эсебине (22154900) статьясына кошумча 100,0 миң сом бекитилип берилсин.
2. Баетов айыл өкмөтүнүн атайын каражат бет эсебиндеги (22154900) статьясына бекитилген акча каражатынан 75,0 миң сом акча каражаты Э.Карасартов атындагы орто мектебинин жылуулук системасына бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча тармактык комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Т.Рысбаев |