Загрузка документа…
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-июлу № 47/14-6
“Шаардык кеңештин 06.06.2014-ж.
№44/13-6, №45/13-6 токтомдоруна
өзгөртүү киргизүү жөнүндө”.
Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевдин 10.07.2014-ж № 05-2/1220 сандуу катындагы шаардык ММБнан “Сагындык” ЖЧКнын пайдасына 791011 сомду төлөп берүүгө Кара-Көл шаардык соттук аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн 23.06.2014-ж. токтомунун (эсеп ишине камак салуу жөнүндө), 23.06.2014-ж № 357 сандуу катын аткаруу максатында шаардык кеңештин 06.06.2014-ж. № 45/13-6 “Кара-Көл шаарынын 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-ж болжолу жөнүндө” токтомунун 13-пунктунда каралган эл аралык “Мерси Ко”, “Арис” программалары боюнча инвестициялык жана КР Каржы министрлигинен “Үлүштүк түрткү берүүчү” гранттарга шаардык бюджеттен үлүш катары бекитилген 800,0миң сомдун эсебинен 425,0миң сомду, Токтогул ГЭСтер Каскады тарабынан кызматтарына акы төлөөгө каралган 1500,0миң сомдун эсебинен 116,0миң сомду, шаардык кеңештин 06.06.2014-ж.№ 44/13-6 “Шаардык бюджеттин 2013-жылдын жыйынтыгы менен бош калган жана үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө” токтомунун Кара-Көл шаардык мэриянын социалдык-экономикалык өнүгүү планы, же “Өнүгүү бюджетиндеги” иш-пландын 1-пунктундагы ”Беккер” чуңкурун курууга каралган 371,8 миң сомдун ичинен 250,0 миң сомду кемитип ишке ашыруу боюнча кайрылуусун, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.С.Жетешикованын кошумча билдирүүсүн угуп, талкуулап Кара-Көл шаар аймагынын шаардык кеңешинин кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевдин кайрылуусунун негизинде шаардык кеңештин 06.06.2014-ж. № 44/13-6, № 45/13-6 токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 28.04.2014-жылдагы АД-105/13МД к-ө № 6-178/14 ЕД сандуу чечиминин негизинде “Кара-Көл шаарынын 2014-жылга бюджети ж/а 2015-2016-жж. болжолу жөнүндө” шаардык кеңештин № 45/13-6 сандуу токтомунун 13-пунктунда каралган эл аралык “Мерси-Ко”, “Арис” программаларына бекитилген 800,0миң сомдун ичинен 425,0 миң сомду, Токтогул ГЭСтер Каскады тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарына акы төлөөгө бекитилген 1500,0миң сомдон ичинен 116.0миң сомду, шаардык кеңештин 06.06.2014-ж. № 44/13-6 токтомундагы шаардык бюджеттин 2013-жылдын жыйынтыгы менен бош калган үнөм каражаттардын эсебинен № 2-тиркеме реестрде көрсөтүлгөн ”Беккер” чуңкурун курууга каралган 371,8миң сомдон 250,0 миң сомду кемитип, жалпы (425,0+116,0+250,0) 791,0 миң сомду “Сагындык” ЖЧКнын пайдасына каржылап төлөөгө макулдук берилсин.
3. Шаардык каржы бөлүмү (Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомго ылайык шаардык бюджеттин 2014-жылдын чыгаша бөлүгү боюнча ШММБнын беренелерине тиешелүү тактоолорду жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (Койчиев М.Д.), шаардык каржы бөлүмүнө (Осмонкулов Ж.Т.), ММБна (Сарбалаев К.С), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Төрага | Женбеков М.К. |