Загрузка документа…
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-июлу № 48/14-6
“Аленушка” балдар бакчасын
ШММБнын алдында ачуу жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевдин 02.07.2014-ж чыг.№06-1/1178 сандуу катындагы “Аленушка” балдар бакчасынын ремонт иштери сентябрь айында жүргүзүлүп, бала бакчаны иштетүүгө эмеректерди жана башка жабдууларды сатып алууга 2039,4 миң сом, тамак ашка 982,9 миң сом жалпы коммуналдык чыгымдарды кошопогондо жергиликтүү бюджеттен 3022,2миң сом керектелээри белгиленген. Шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча, Социалдык маселелери боюнча, мандат, регламент, этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып Кара-Көл шаар аймагынын шаардык кеңешинин кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Аленушка” балдар бакчасынын ремонтуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана гранддан бөлүнгөн акча каражаты максаттуу пайдаланылып, 2014-жылдын ноябрь айына чейин ремонт иштери бүткөрүлсүн
“Аленушка” балдар бакчасы кабыл алуу актысынан өткөндөн кийин, жабдууларды, эмеректерди сатып алуу жагы жергиликтүү бюджеттин 2014-жылдан пайда болгон үнөмүнөн же 2015-жылдын бюджетинен каржыланаары белгиленсин.
“Аленушка” балдар бакчасында жайгашкан КиК, “Жез оймок”, шаардык архив ишканалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.05.2013-ж №219 –б сандуу буйругунун негизинде чыгарылсын.
Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (Койчиев М.Д.) жана ММБна (Сарбалаев К.С.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Бегалиева Ж.Ч.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Келдибеков
|