Редакцияот 18.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДѲҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дѳң-Булак айылдык кеңешинин (V ) шайланган кезектеги 7-сессиясы

2014-жылдын 18-февралы № 45

Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл ѳкмѳтγнγн бюджетин бекитγγ жѳнγндѳ

Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл ѳкмѳтγнγн бюджетин бекитγγ жѳнγндѳгγ маселе айыл ѳкмѳтγнγн кеңейтилген аппараттык кеңешмесинде карап,  Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγ

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. 2013-жылы Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин киреше бѳлγгγ 23896,0 мин сомго жана чыгаша бѳлγгγ 21392,9 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2. 2014-жылга айыл ѳкмѳтγнγн бюджети кирешелери жана чыгашалары 11855,1 мин сом ѳлчѳмγндѳ бекитилсин.

3. Айыл ѳкмѳтγнγн 2015-2016-жылдарга жактырылган  болжолдуу кѳрсѳткγчтѳрγ № 5 тиркемеге  ылайык  бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары  белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2012-жылдын 28-майындагы № 323 токтомунун эскертмесине ылайык Дѳң-Булак айылдык кеңешинин 2012-жылдын 26-январындагы № 7 токтомунун негизинде 3 (уч) Аскер кызматы багытында  жана 9 (тогуз) айыл башчы штаттык бирдиктери  киргизилсин.

5. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жѳнγндѳ мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл ѳкмѳтγнγн резервдик фонду 118,0 мин сом ѳлчѳмγндѳ бекитилсин.

6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер (эмгек акы,социалдык фондко чегерγγ,тамак-аш, дары-дармек жана милдеттγγ медициналык камсыздандырууга чегерγγлѳр) каржылануусу  белгиленсин.

7. Айланма кассалык  калдык (Оборотный кассовый наличность) айыл ѳкмѳтγнγн бюджети боюнча  жургγзγлγγчγ накталай акча  каражаты  2015-жылдын 1-январына  карата  300,0 мин.сом ѳлчѳмγндѳ белгиленсин.

8. Айыл ѳкмѳтγнγн 2012-жылы бюджеттин чыгаша бѳлγгγнѳ белгиленип каржыланбай калган каражаттар 2014-жылдагы бюджетти аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.

9. 2014-жылдын 1-январына бош калган 3283,4 миң сом бюд.еттик каражатын жыл ичинде Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы социалдык маселелерди калыптандырууга кошумча эсептѳѳлѳрдγ аткаргандан кийин сарпталуусу белгиленсин.

10. Токтомдун  аткарылышын  кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтγнγн  ФЭБ башчысы К.Абдибаетовго милдеттендирилсин.

 

Дѳң-Булак айыл

кеңешинин тѳрагасы:

 

А.Тагаев