Загрузка документа…
ДѲҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-июну № 69
Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн 2014-жылга бекитилген бюджетине кошумча ѳзгѳртγγ киргизγγ жѳнγндѳ.
Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 1-январына карата 2013-жылдын бюджетине каралган чыгаша бѳлγгγн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бѳлγгγн ашыкча аткарылгандыгынын натйыжасында бош (свободный остаток) 3283,4 (γч миллион эки жγз сексен γч миң тѳрт жγз) сом акча каржаты калган, жогорудагы акча каржатын пайдалануу максатында аткарыла турган жумуштардын багыттарын талдап чыгып, Дѳң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн канторасын катардагы оңдоосу γчγн аппарат бѳлγгγнѳ 220,0 (эки жγз жыйырма миң) сом 22211100-имараттарды учурунда оңдоо элементи аркылуу, 56,1 (элγγ алты миң бир жγз) сом, аппарат бѳлγгγнѳ “туалет” куруу γчγн 31111290-башка имараттарды куруу элементи аркылуу, билим берγγ бѳлγгγнѳ Ѳзгѳрγш айылындагы Шеркулов атындагы орто мектебинин 1-4-класстардын шашке тамак ичγγсγн уюштуруу γчγн жасалгаланган контейнер сатып алууга 243,5 (эки жγз кырк γч миң беш жγз) сом, 31111290 – башка имараттарды сатып алуу элементи жана Титов атындагы орто мектебинин чатырын жабууга 734,5 (жети жγз отуз тѳрт миң беш жγз) сом, 31111390- башка имараттарды капиталдык оңдоо элементи аркылуу жалпысы 1254,1 (бир миллион эки жγз элγγ тѳрт миң) сомго кѳбѳйтγлγп кошумча каржылансын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Дѳң-Булак айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Тагаев |