Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-апрели № 11/2
Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагында кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин конкурска берүүдө баштапкы бааны бекитүү жөнүндө
Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңеште кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери өлчөнүп такталсын.
2. 2014- жылга КБФнын жерлери ижарага 5 жылдык мөөнөттөн кем эмес берилсин.
Баштапкы баасы 1 га кайрак жер үчүн - 400 сом.
Сугат жер үчүн - 1200 сом.
Чөп чабынды алыскы жер үчүн - 600 сом.
Жакынкы жер үчүн - 800 сом.
3. Ижарага бекитилип берилген жерлердин баасы 5 жыл ичинде инфляцияга жараша өзгөртүлүп тургандыгы белгиленсин. Чөп орунду жерлердин алыскы аралыктары эске алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана конкурсту өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине жана салык кызматкерине тапшырылсын.
Жошолу айыл ѳкмѳтγнγн кеңешинин тѳрагасы: |
К.Алдашев |