Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-апрели № 11/2-1
Жазгы сезон башталгандыгына байланыштуу Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы элди белгиленген убакта жайлоого көчүрүү жана жайытты туура пайдалануу жөнүндө
Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элди жайлоого көчүрүү айыл өкмөттө белгиленген мөөнөткө уюштурулсун.
2. Жайлоо территориялары аймактагы элдин мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу чектеш жайгашкан айыл өкмөттөрү менен келишим түзүлүп, туура бөлүштүрүлсүн.
3. Жайкы жайлоо убактысы элди көчүрүу 1-майдан 15-майга чейин, көчүп келүү 20-сентябрдан эрте эмес деп белгиленсин.
4. Жайыттарды туура пайдалануу жана чөп орунду аймакты, айыл чарба өсүмдүктөрүн, эгилген эгинди малга жедирбей сактоо максатында тийиштүү жайлоо участкаларында кароолдор уюштурулсун.
5. Чөп чабынды участкаларды, себилген айыл чарба өсүмдүктөрүн, эгилген айдоо аянттарды себепсиз малга тебелетсе, жыйналып турган айыл чарба түшүмүн бузуу же жок кылуу, отургузулган өсүмдүктөргө менчигинин түрүнө карабай мал же канаттуулар тарабынан зыян келтирилсе, административдик жазалар жөнүндөгү АЖЖКнын 185-186-беренесинин негизинде административдик жазана салынсын.
6. Административдик жаза төмөндөгүдөй белгиленсин:
А) Жайлоого өз убагында көчпөй же түшүм жыйнала электе белгиленген графикти сактабаса же чөп чабынды участканы, себилген айыл чарба өсүмдүктөрүн, айдоо аянттарын эскертүүлөргө карабастан тебелетсе, АЖЖКнын 185-186-беренесинин негизинде 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө административдик жазана салынсын.
Б) Элди жайлоодон көчүрүүдөн кийин эгин талаасын, чөп чабынды участкаларды, эгилген айыл чарба өсүмдүктөрүн ат жана башка майда малдарды бош кое берип, эскертүүлөргө карабай зыян келтирсе, бодо мал үчүн 200(эки жүз) сомдон 500 (беш жүз) сомго чейин, ал эми жандыкка ( кой-эчкиге) 50 (элүү) сомдон 100 (жүз) сомго чейин жазана салынсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл башчыларга, жамаат башчыларга жана тийиштүү адистерге милдеттендирилсин.
Жошолу айыл ѳкмѳтγнγн кеңешинин тѳрагасы: |
К.Алдашев |