Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-апрели № 11/4
К.Турганбаев атындагы орто мектебинин эски имаратын Жошолу айыл өкмөтүнүн балансына (көзөмөлүндө) калтыруу жөнүндө
Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу Миязды айылында жайгашкан К.Турганбаев атындагы орто мектебинин эски имараты мыйзам чегинде тийиштүү мекемелер (мамлекет) тарабынан макулдук берилгенге чейин бузууга, арендага берүүгө жана колдонууга тыюу салынсын.
2. Бул имарат, анын тийиштүү жер тилкелери, пайдалануучу жабдыктары муниципалдык мүлк катары айыл өкмөтүнүн балансында калтырылсын.
3. Имараттын толук сакталышына көзөмөл жүргүзүү жана жоопкерчилиги К.Турганбаев атындагы орто мектебинин администрациясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Жошолу айыл ѳкмѳтγнγн кеңешинин тѳрагасы: |
К.Алдашев |